20
Ноябрь
Бул туурасында 20-ноябрда, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жантөрө Сатыбалдиев Санкт-Петербург шаарында өтүп жаткан Күнкорсуз мамлекеттер шериктештигинин Өкмөт башчыларынын кезектеги Кеңешинин тар чөйрөдөгү отурумунда айтты.
Кыргыз Өкмөт башчысы 2011-жылдын 18-октябрында кабыл алынган, улуттук тартип шарттарынын сакталышына мүнөздөлгөн, бажы төлөмдөрүн колдонгон, сандык чектөөлөрү жоюлган, биргелешкен соодада демпингге каршы, атайын коргоо чаралары алынып салынган эркин соода аймагы жөнүндө Күнкорсуз мамлекеттер шериктештигинин Келишиминин жоболорун ишке ашырууга Кыргызстан өзгөчө көңүл бураарын билдирди.
“Биз Келишимди ишке ашыруу боюнча иштерди улантып жатабыз. Кыргызстан эркин соода аймагы жөнүндө Келишимдин күчүнө кириши боюнча мамлекет ичиндеги баардык жол-жоболорун жасоого жетишти. 2013-жылдын 14-ноябрында парламент аталган документти ратификациялоо жөнүндө Мыйзам долбоорун жактырды. Бул албетте биздин алакалашуу мейкиндигибизде маанилүү жардам болмокчу”, - деди Жантөрө Сатыбалдиев.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
Маалыматтык камсыздоо бөлүмү