06
Февраль
2013
Бүгүн, 5-февралда, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жантөрө Сатыбалдиев
702- аскер бөлүгүнөн 39 жоокер качып кеткендиги боюнча Ички иштер министри жана аскердик прокурор менен жумушчу жыйын өткөрдү.
Өкмөт башчы ИИМдин ички аскерлер командачысы С.Арбаевдин аскерлердин 702-аскердик бөлүктү өз алдынча таштап кетүүсүнүн себептери тууралуу докладын укту.
Премьер-министр Ички иштер министрлигинин буйругу менен аталган факты боюнча түзүлгөн жумушчу топко кыска мөөнөттүн ичинде ишин бүтүрүүнү жана андан соң ишти аскердик прокуратурага өткөрүп берүүнү тапшырды.
“Аскердик кызмат мөөнөтүн өтөп жатышкандарды аскердик бөлүктү өз алдынча таштап кетүүгө мажбурлагандар мыйзамдын чегинде толугу менен жазасын алуулары керек. Ар бир офицер кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланса мыйзам чегинде жооп берээрин так түшүнүшү зарыл”, - деди Премьер-министр.
Жыйын учурунда 39 качкан аскердин 37 аскери аскердик бөлүккө кайтып келишкени тууралу маалымдалды. Калган экөө бүгүн кечке чейин келээри айтылды.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
маалыматтык саясат бөлүмү