18
Ноябрь
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жантөрө Сатыбалдиев Орусия Федерациясынын Өкмөт башчысы Дмитрий Медведьевге Казань шаарындагы аэропортто көп сандаган адам өлүмүнө алып келген «Boeing 737-500» учагынын кулашына байланыштуу көңүл айтуу телеграммасын жолдоду.
Телеграмманын тексти төмөндөгүдөй:
“Урматтуу Дмитрий Анатольевич,
Казань шаарында көп сандаган адам өлүмүнө алып келген учактын кулашы жөнүндө кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан жана жеке өзүмдүн атымдан кырсыкка байланыштуу терең кайгыруу менен көңүл айтам жана каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө терең кайгыруу менен көңүл айтуу сөзүн жеткирип коюуңузду сурайм.
Кайгыруу менен,
Кыргыз Республикасынын
Премьер-министри Ж.Сатыбалдиев”