12

Декабрь

2013

Бүгүн, 12-декабрда, Бишкекте Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жантөрө Сатыбалдиевдин катышуусу менен “Мамлекеттин саламаттык сактоо тармагын көрө билүүсү: Кыргыз Республикасынын “Ден-соолук-2020” Улуттук стратегиясы” аталышындагы тегерек стол өтүп жатат.

Форумду ачып жатып, Жантөрө Сатыбалдиев республиканын калкынын ден-соолугун коргоо Өкмөттүн  башкы милдеттеринен экендигин айтты.

“Кыргызстандын 2013-2017-жылдарга карата туруктуу өнүгүү Улуттук стратегиясынын алкагында түзүлгөн Кыргыз Республикасынын  2020-жылга карата саламаттык сактоо тармагын өнүктүрүү стратегиясынын долбоору биздин республиканын элинин ден-соолугу үчүн кам көргөн, мамлекеттин саясатынын негизги документтеринен. Ооруну анын баардык баскычтарында алдын алуу, сергек жашоо мүнөзүн үгүттөө, амбулаториялык медициналык жардамдын натыйжалуулугун арттыруу Стратегиянын негизги багыттарынан”,- деди ал.

Өкмөт башчы белгилегендей, Стратегия – калктын ден-соолугун коргоодо секторлор аралык мамиле кылуу. “Бул Саламаттык сактоо министрлиги, билим берүү, социалдык өнүктүрүү, экономика, каржы, милдеттүү медициналык камсыздандыруу, дене тарбия жана спорт агенттиги сыяктуу  мамлекеттик органдардын стратегияны ишке ашырууда биргелешип иш алып баруусу. Алар өз милдеттерин элдин ден-соолугун коргоодо так, даана аткарууга милдеттүү. Ошон үчүн, министрликтердин, мекемелердин жетекчилерине сунуш кылынган стратегиянын долбоорун талкуулоого жигердүү катышууңуздарды талап кылам”, -деди Өкмөт башчы.

Андан соң, Жантөрө Сатыбалдиев саламаттык сактоо тармагында оорун алган көйгөйлөргө токтолду.

“Саламаттык сактоо тармагын жакшыртууга мамлекет тарабынан олутту каржы каражаты бөлүнөт. Мамлекеттин саламаттык сактоо тармагына жалпы чыгымы республиканын ички дүң продукциясынын 3,3% түзөт.2013-жылга саламаттык сактоо тармагынын бюджети 12 млрд. сом же мамлекеттик чыгашанын 13,0% түзөт. Саламаттык сактоо тармагынын үлүшү бюджеттин чыгаша бөлүгүндө 23 млрд. сом бөлүнгөн билим берүү жана 18 млрд. сом бөлүнгөн социалдык коргоо тармактарынан кийинки үчүнчү орунду ээлейт. Арийне, бул каражаттарды сарамжалдуу пайдалануу зарыл экендигин билдирет. Саламаттык сактоо тармагынын көрсөткүчү натыйжалуу ишеним жаратпайт. Жүрөк кан-тамыр оорусу менен каза болгондордун саны баардык каза болгондордун 50,2 % түзөт. Жылына бул дарттан 18 миң адам жарык дүйнө менен кош айтышат. Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму билдиргендей Кыргызстанда кан айлануу системасына байланыштуу оорудан каза болгондордун саны өсүп барат. Кыргызстанда бир жылда 1 миллионго чукул адам ооруканаларда дарыланат жана ага мамлекет 3 млрд. сом жумшайт”,- деди Жантөрө Сатыбалдиев.

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

Маалыматтык камсыздоо бөлүмү