04
Февраль
2013
Бүгүн, 4-февралда, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жантөрө Сатыбалдиев профилдүү мамлекеттик органдардын жетекчилери менен Баткен облусунун чек ара боюндагы калктуу пункттардын социалдык-экономикалык инфраструктурасын жакшыртуу боюнча иш-чара планынын аткарылышы жөнүндө жумушчу жыйын өткөрдү.
Ж.Сатыбалдиев Энергетика жана өнөр жай, Транспорт жана коммуникациялар министрлерин, КР Өкмөтүнө караштуу Курулуш жана региондук өнүктүрүү боюнча агенттиктин директорун бекитилген иш-чара планын аткаруудагы чабал иш жүргүзгөндүктөрүн сынга алды.
Ушуга байланыштуу Премьер-министр тармактар аралык жумушчу топтун жетекчиси, КР Өкмөтүнүн Аппаратынын уюштуруу-инспектордук иштер жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу бөлүмүнүн башчысы А.Эргешовго Баткен облусунун социалдык-экономикалык инфраструктурасын жакшыртуу боюнча иш-чара планынын аткарылышы тууралуу апта сайын маалымдап турууну тапшырды.
“Пландаштырылган объектинин бардыгын мөөнөтүнөн эрте бүткөрүү зарыл. Чек ара боюнда жашаган биздин жарандардын эртеңки күнгө болгон ишенимин арттыруубуз керек. Курулай сөз берүү менен элдердин бийлик органдарына болгон ишенимин кайтара албайбыз. Ошондуктан ар бириңер аз сүйлөп, көп иштешиңер керек”,- деди Ж..Сатыбалдиев.
Бекитилген иш чарага ылайык төмөндөгү жумуштар бүткөрүлмөкчү: Чарбак, Таян айылдарында суу түтүктөрүн куруу, Чарбак айылында ФАПтын, “Кок-Таш – Аксай – Тамдык”, “Айгуль-Таш-Согмент-Чарбак-Таян”, “Бел-Согот-Божой” автоунаа жолунун, Чарбак, Кыштут, Таян, Согмент айылдарында электр энергиясын берүүчү альтернативдик линиясынын курулушу.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
маалыматтык саясат бөлүмү