15
Апрель
Бүгүн, 15-апрелде, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жантөрө Сатыбалдиев Сокулук РИИБнин милиционерлери менен Баңги заттарды контролдоо боюнча мамлекеттик кызматтын кызматкерлеринин ортосунда болгон окуя боюнча жыйын өткөрдү.
Жыйынга вице-премьер-министр Шамиль Атаханов, ички иштер министри Абдулда Суранчиев, Банги заттарды контролдоо кызматынын төрагасы Алымбай Султанов жана КР Өкмөтүнүн Апаратынын жетекчисинин орун басары - коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысы Жеңиш Жакипов катышты.
Жыйын учурунда Жантөрө Сатыбалдиев мындай фактылардын болушуна жол берилбеши керектигин баса белгилеп, бул окуя жалпы укук коргоо системасына жаманаттысын тийгизерин баса белгиледи.
Жыйындын соңунда Өкмөт башчысы Свердлов РИИБнин кызматкерлери менен УКМКнын коррупцияга каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлеринин жана Сокулук РИИБнин милиционерлери менен Баңги заттарды контролдоо боюнча мамлекеттик кызматтын кызматкерлеринин ортосунда болгон окуяларды иликтөө боюнча Генералдык прокуратура менен биргеликте атайын комиссия түзүү тууралуу тапшырма берди. Комиссия бүгүндөн баштап кечикпестен ишти баштап, фактыларды объективдүү карап чыгып, себебин аныктоосу зарыл. Бардык күч түзүм блоктору жараксыз кадрлардан тазалансын. Күнөөлүү деп табылган кызматкерлерге эң катуу жаза чараларын колдонуу керек”,- деп айтты Премьер-министр.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү