29
Октябрь
Бүгүн, 28-октябрда, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жантөрө Сатыбалдиев Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде “Кумтөр” долбоорун түзүмдөштүрүү боюнча маселенин жыйынтыгынын негизинде түзүлгөн 3 жумушчу топтун мүчөлөрүнүн катышуусунда кезектеги жумушчу кеңешме өткөрдү.
Кеңешменин жүрүшүндө жумушчу топтордун жетекчилеринин – Биринчи вице-премьер-министр Жооомарт Оторбаевдин, вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашевдин, каржы министри Ольга Лаврованын жана экономика министри Темир Сариевдин маалыматтары угулду.
Премьер-министр ноябрдын биринчи декадасында топтордун ишин жыйынтыктоону жана “Кумтөр” долбоору боюнча потенциалдуу тобокелчиликтерди эске алуу менен салыштырмалуу так эсептерди киргизүү менен Консультативдик кеңештин кароосуна сунуштоону тапшырды.
Премьер-министрдин белгилөөсүндө топтордун ишинин акыркы тыянагы “Кумтөрдүн” мындан аркы ишмердүүлүгүндө кыргыз тараптын көз карашын бекемдеген “Кумтөр” долбоору боюнча жаңы келишимдин долбоору болуш керек.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
Маалыматтык камсыздоо бөлүмү