23
Ноябрь
Бүгүн, 23-ноябрда, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жантөрө Сатыбалдиев “Кумтөр” долбоорун түзүмдөштүрүү боюнча Жогорку Кеңеште каралган маселенин натыйжасында түзүлгөн 3 жумушчу топтун мүчөлөрүнүн катышуусунда Кумтөр долбоору боюнча “Centerra Gold Inc.” Компаниясы менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү боюнча Консультативдик кеңештин кезектеги жыйынын өткөрдү.
Жыйынга Консультативдик кеңешти жана жумушчу топту кызыктырган суроолоруна жооп берүү үчүн чоң тажрыйбаларга ээ серепчилер да чакырылган. Ошондой эле, “Кумтөр” долбоорун түзүмдөштүрүү боюнча жумушчу топ сунуштаган ар түрдүү варианттар жана “Кумтөр” биргелешкен ишканасын башкаруу формасы талкууланды.
Премьер-министр кеңешменин жыйынтыгы боюнча биринчи вице-премьер-министр Жоомарт Оторбаевге “Кумтөр” долбоорун мындан ары ишке киргизүү үчүн кыргыз тараптын көз карашын күчтөгөн “Кумтөр” боюнча жаңы Келишим долбоорун даярдоо үчүн серепчилерди, юристтерди жана адистерди тартууну тапшырды.
Жумушчу топко техникалык-өндүрүштүк жана экологиялык маселелерди камтыган ишин жыйынтыктоо үчүн “АМЕС” (КР Өкмөтүнүн экологиялык маселелер боюнча эл аралык кеңешчиси) компаниясы менен биргелешип иштөө сунушталды.
Консультативдик кеңештин катчылыгына “Centerra Gold Inc.” компаниясына биргелешкен ишкананын укуктук-уюштуруучулук иштери боюнча жумушчу топтун сунушун жеткирүү жагы тапшырылды.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
Маалыматтык камсыздоо бөлүмү