22
Ноябрь
Бүгүн, 22-ноябрда, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жантөрө Сатыбалдиев Орусиядагы Кыргызстандык эмгек мигранттарынын шартын жакшыртуу боюнча жана учурда жаралган көйгөйлөрдү чечүү багытын максат кылган кеңешме өткөрдү.
Жантөрө Сатыбалдиев Россия Федерациясынын Өкмөт башчысы Дмитрий Медведьев менен жолугушууда эмгек мигранттарына байланышкан маселе боюнча сүйлөшүү топторун түзүү тууралуу сүйлөшүүлөргө жетишилгенин маалымдады.
“Акыркы маалыматтар боюнча, кара тизмеге түшкөн Кыргызстандык жарандардын саны 46 миңге жетти. 3 миңден ашуун адамга Орусияга кирүүгө тыюу салынды”, - деди Жантөрө Сатыбалдиев бүгүндөн калтырбай сүйлөшүү тобун түзүү жөнүндө Өкмөттүн буйругун даярдоо боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын эл аралык бөлүмүнө тапшырма берип жатып.
Орусиядагы Кыргызстандык эмгек мигранттарынын шартын жакшыртуу боюнча сүйлөшүү тобунун курамына тышкы иштер, ички иштер, эмгек, миграция жана жаштар министрликтеринен, чек ара кызматынан жана Орусиядагы Кыргызстандын элчилигинен бирден өкүл кирет. Сүйлөшүү тобун тышкы иштер министринин орун басары жетектейт.
Келээрки аптада Орусиядагы Кыргызстандык эмгек мигранттардын шартын жакшыртуу боюнча иш жүргүзө турган атайын жумушчу топ Кыргызстандан Москвага жөнөт кетет.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
Маалыматтык камсыздоо бөлүмү