19

Февраль

2013

Бүгүн, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жантөрө Сатыбалдиев саламаттык сактоо секторуна бөлүнгөн бюджеттик каражаттарды эффективдүү колдонуу жана дары саясатын өркүндөтүү боюнча жумушчу жыйын өткөрдү. Жыйынга вице-премьер-министр К.Талиева, саламаттык сактоо министри Д.Сагимбаева жана милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун (ММКФ) директору Г.Шакирова катышты.

Премьер-министр -“ Саламаттык сактоого жыл сайын бюджеттик каражаттар бөлүнсө дагы, проблемалар чечилбей, калкка сапаттуу медициналык кызмат көрсөтүлбөй келе жатат. Өлкөнүн бюджетинин 13 пайызы саламаттык сактоого жумшалат. Бул өтө чоң сумма. Каражаттарды эффективсиз пайдалануу көрүнүп эле турат. Сиздер өз тармактарыңыздарды жакшы билесиздер, саламаттык сактоодогу абалды оңдоого өз сунушуңуздарды бериңиздер. Башкаруучулук кызматтарга сабаттуу менеджерлерди алгыла”,- деди.

Өкмөт Башчысы дары ташып келүүдө чоң проблемалар бар деп белгиледи. “Учурда дары ташып келүү башкарылбай өз алдынча жолго түшкөн. Дары-дармек завод чыгарган баадан 10-20 кымбат сатылат, мындай абалды тезинен жөнгө салуу керек. Туркия мамлекети да ушундай абалга убагында туш болуптур, бирок алар абалды түздөп кетишкен. Бир жарым ай мурда ММКФнын директору составында болгон делегация Туркияда болушуп, анын дары ташып келүү боюнча тажрыйбасын изилдешкен. Ушуга байланыштуу ал тажрыйбаны бизде колдонуу боюнча конкреттүү сунуштарды күтөмүн”,- деди Премьер-министр ММКФнын директоруна кайрылып.

Ж.Сатыбалдиев  менчик медициналык борборлордун иши тууралуу “Өкмөт жеке менчик медициналык борборлордун өнүгүшү үчүн бардык шарттарды түзүп берет. Биз бардыгына бирдей шарт түзүшүбүз абзел. Медицинада сөздүн жакшы маанисиндеги атаандаштык болушу керек”, - деди Өкмөт башчысы.

Премьер-министр Ж. Сатыбалдиев Саламаттык сактоо министрлиги менен ММКФнын иштерин координациялоону жана берилген тапшырмалардын аткарылышын көзөмөлдөөнү Вице-премьер-министр К.Талиевага тапшырды.

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү