25
Октябрь
2020
Ж. Жалалов: И.Раззаков кылымда бир жаралчу инсандардын бири
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Жаныбек Жалаловдун, Улуу инсан И.Раззаковдун 110 жылдыгына карата куттуктоосу
Урматтуу Баткен облусунун калайык калкы!
Бүгүн, 25-октябрь, Улуу инсан, мамлекеттик жана саясий ишмер, Кыргыз Республикасынын Баатыры, Исхак Раззаковдун туулган күнү.
Исхак Раззаковдун туулгандыгынын 110 жылдыгы.
Улуу инсандын туулган жери Кыргызстан, кичи мекени Баткен экени, баарыбызды сыймыкка бөлөйт.
Кыргызстандын мамлекет болуп калыптануусунда, түптөлүүсүндө, улуу инсандын салымы эбегейсиз.
Исхак Раззаков, кыргыз элинен чыккан эң таза, адилет жетекчи, ишмер жана акылман жолбашчы болду.
Ал Лейлек районунун Коросон айылында жарык дүйнөгө келип, балдар үйүндө тарбияланып, бөтөн эл, бөтөн жерде өссө да, туулган жери, мекени үчүн опол тоодой эмгек жасап кетти.
Исхак атабыз кылымда бир жаралчу инсандардын бири.
Ал 35 жашында Кыргыз ССР Министрлер Советинин төрагасы,
40 жашында Кыргыз ССР Коммунистик партиясынын Борбор комитенин биринчи катчысы болуп иштеген.
СССР тарабынан, Кыргызстанды башкаруу милдети биринчи ирет кыргыз кулунуна, Исхак Раззаковго тапшырылган.
Анын Кыргызстандын жаркын келечегине багытталган, мамлекеттик деңгээлдеги иш аракеттери, биздин бүгүнкү бакубат жашообуздун пайдубалы десек болот.
Ал жетекчилик кызматта турган убакта, мамлекет бардык тармактардан эң мыкты көрсөткүчтөргө жетишкен.
Урматтуу эли журт!
Исхак Раззаков атабыз,ошол кезде эле, мамлекетти түндүк-түштүккө, элди уруу-урууларга бөлүү, тууганчылык, жердешчилик сыяктуу көрүнүштөргө, караманча каршы экенин айтып, эч качан мындай жат көрүнүштөргө жол берген эмес.
“Мен үчүн Кыргызстан – бир жер, бир эл !” – деген принципте иш алып барган.
Исхак Раззаков, адамгерчилик, жетекчилик бийик сапаттарга ээ болгон.
Бул инсандын өмүр таржымалы,басып өткөн жолу, ар бир кыргыз атуулуна өрнөк.
Ал эми ишмердүүлүгү, жетекчилик касиеттери,баарыбызга үлгү.
Исхак Раззаковдун, учкул сөздөрү, биз үчүн мурас, алар коомубузду туура жолго үндөп турат.
Урматтуу облусубуздун тургундары!
Белгилей кетсем, жыл башында, Исхак Раззаковдун 110 жылдык мааракесин, чоң салтанат менен, мамлекеттик деңгээлде белгилөө боюнча, өлкө башчысынын жарлыгы чыккан эле.
Тилекке каршы, Улуу инсандын 110 жылдык мааракеси, пандемия шартына туура келди.
Жай турмуш болгондо, бул даталуу күндү, мамлекеттик, жогорку деңгээлде,зор сыймык менен белгилейт элек.
Ошондой болсо да, шартка жараша, болгон мүмкүнчүлүктү колдонуп, жыл бою,Улуу инсанды даңазалоо жаатында, көңүл жылытаарлык иштер аткарылды.
Биз алдыда сөзсүз, Исхак атабызды даңктап, анын өрнөктүү өмүрүн, келечек муунга жеткирүү жаатында иштерибизди улантабыз.
Анткени биздин бүгүнкү жаркын келечек, бакубат жашообуз үчүн, ал инсан, өмүрүн арнады.
Исхак Раззаков атабыздын жаркын элеси, кыргыз элинин жүрөгүндө, түбөлүк сакталат!
Жергебизде тынчтык,элибизде ынтымак болсун.