08
Февраль
Жаңы кодекстердеги кемчиликтерди жана коллизияларды жоюу боюнча кезектеги талкуу болуп өттү
Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Жеңиш Разаков Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу кодексиндеги, Жазык кодексиндеги жана Жазык–процессуалдык кодексиндеги кемчиликтерди жана коллизияларды жоюу боюнча ага өзгөртүүлөрдү киргизүүнү талкуулоо боюнча тегерек үстөлдүн ишине катышты.
Иш-чара Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн демилгеси боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин сунуштамасын эске алуу менен уюштурулган. Анын ишине Жогорку Кеңештин депутаттары, Президенттик Аппараттын, Жогорку соттун, Башкы прокуратуранын, тийиштүү мамлекеттик органдардын өкүлдөрү, ошондой эле жаңы кодекс жана мыйзамдардын иштеп чыгуучулары катышты.
Белгилей кетсек, үстүбүздөгү жылдын 7-февралында Жогорку Кеңештин депутаттары жалпы жыйында жогоруда көрсөтүлгөн кодекстерге өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча Мыйзам долбоорун биринчи окуу алкагында талкуулашкан.
Вице-премьер-министр белгилегендей, талкуу учурунда парламентарийлер тараптан айрым ченемдерди тактоо боюнча бир катар сунуштар келип түшкөн, буга байланыштуу аны экинчи окуу режиминде кароо үчүн мыйзам долбоорун толуктап иштеп чыгуу зарыл.
Жеңиш Разаков өзгөчө белгилегендей, мыйзам долбоорунун сунушталган концепциясын сактоо зарыл, ал өлкө Конституциясы жана «Кыргыз Республикасынын Конституциясында белгиленген, прокуратуранын айрым ыйгарым укуктары жөнүндө» конституциялык Мыйзамы менен шайкеш келтирүүгө, ошондой эле белгиленген кодекстердин айрым ченемдерин эл аралык келишимдерге ылайык келтирүүгө багытталган.
Тегерек үстөлдүн жүрүшүндө катышуучулар каралып жаткан Мыйзам долбоорун беренелер боюнча талкуулашты, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын сунуштары талкууга алынды.
Иш-чаранын жыйынтыгы боюнча катышуучулар тарабынан жогоруда көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун айтылган эскертүүлөр жана сунуштар менен жалпылап кайрадан кароо чечими кабыл алынды.
[su_carousel source="media: 129138,129139" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 124252,124253,124254" link="attachment" title="no"]Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Алтынай Өмүрбекова Жалал-Абад жана Ош облусуна жумушчу сапары менен барды. Алтынай Өмүрбекова бир катар социалдык объектилердин иши менен таанышып, Ош облусунун Кара-Суу районунун Кызыл-Ордо айылындагы орто мектептин, ошондой эле Өзгөн шаарындагы Таштак аймагындагы балдар бакчасынын ачылышына катышты. Вице-премьер-министр баса белгилегендей, Өкмөт аймактарды өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурат жана социалдык объектилерди куруу жана оңдоо иштерин улантууга ниеттенүүдө. Ал ырастагандай, Кыргыз Республикасынын Президенти С.Ш.Жээнбеков тарабынан Аймактарды өнүктүрүү жылы катары жарыялоонун алкагында кошумча жумуш орундарын түзгөн аймактарды социалдык-экономикалык өнүктүрүүгө кластердик мамилени киргизүү [/su_carousel]Кыргыз Республикасынын
Өкмөтүнүн Аппаратынын
маалыматтык камсыздоо бөлүмү