13
Июнь
Жалал-Абад облусунда катталган үй-бүлөлүк зомбулук фактысы көзөмөлгө алынды
Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусундагы Сузак районунда катталган үй-бүлөлүк зомбулук фактысын Кыргыз Республикасынын Өкмөтү көзөмөлгө алды.
Белгилей кетсек, буга чейин социалдык түйүндөрдө аялды эркектин кордоп жаткан видеосу тараган.
Бул үй-бүлөлүк зомбулук фактысы дүйшөмбү күнү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу аялдар иштери жана гендердик өнүгүү боюнча улуттук кеңештин жыйынында каралат.
Маалымдама: 2012-жылы түзүлгөн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу аялдар иштери жана гендердик өнүгүү боюнча улуттук кеңеш гендердик өнүгүү маселеси боюнча мамлекеттик саясатты иштеп чыгууну жана жүзөгө ашырууну координациялаган, кеңеш берүүчү орган болуп саналат.