18

Сентябрь

2012

Бүгүн, 17-сентябрда, өзүнүн Нарын областы боюнча жумушчу сапарынын алкагында Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жантөрө Сатыбалдиев Жумгал районунда жайгашкан “Кара-Кече” көмүр разрезине барды.

Кыргызстандын Өкмөт башчысы  Кара-Кече көмүр разрезинин аймагында болду, “Токсон-Теке” участогунда көмүр казып алып жаткан “Шарбон” ЖАКнын иши менен таанышты. 2011-жылы бул ишкана 80 миң тонна көмүрдү иштетип чыккан, ал эми үстүбүздөгү жылы 100 миң тонна көмүр иштеп чыгууну пландаштырууда.

Көмүр ишканаларынын жетекчилери жана жумушчулары менен сүйлөшүү учурунда Жантөрө Сатыбалдиев регоиндордун өнүгүүсүнө өзгөчө көңүл бөлүш керектигин белгиледи. “Сентябрдын аягында “Кара-Кече” разрезинен Бишкек шаарынын жылуулук борборуна берилген көмүрдүн көлөмү 200 миң тоннаны түзөт. Бирок көмүр тармагын өнүктүрүү максатында биз кошумча 100 миң тонна көмүрдү сатып алууну көздөп жатабыз. Бул мамлекет тарабынан районду жана областты колдоонун чечкиндүү кадамы. Өз кезегинде көмүр касып алуучулар райондун жашоочуларына жардам берүү керек. Ошондуктан “Кара-Кече” кени жайгашкан Жумгал районунун жашоочуларына көмүрдүн тоннасына 1 900 сомдогу баасын бекитип берүү керек. Андан тышкары көмүр касып алуучулардын Кочкор районунун Дыйкан айылынан көмүр кенинин алдындагы көпүрөсүнө чейин жол куруп берүүгө чамасы бар. Бул социалдык долбоор жергиликтүү инфраструктуранын өнүгүүсүнө жана айыл жашоочуларын колдоого багытталган, — деп белгиледи Өкмөт башчысы.

Ошондой эле Кыргызстандын Премьер-министри көмүр касуу боюнча иштерди жүргүзүүдө өзгөчө көңүлдү экологиялык жана техникалык коопсуздугуна бурду.

Эртең Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жантөрө Сатыбалдиевдин Нарын областы боюнча иш сапары улантылат.

 

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

маалыматтык саясат бөлүмү