18
Январь
Бүгүн, 18-январда, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жантөрө Сатыбалдиев Кара-Балта шаарында курулуп жаткан нефтини кайра иштетүүчү “Джунда” заводунда болду.
Өкмөт башчысы ишкананын өндүрүштүк аянттары менен таанышты жана “Чайна Петроль Компани” жоопкерчилиги чектелген коомунун жетекчилиги менен жыйын өткөрдү.
“Сиздер заводду 2012-жылдын аягында бүтүрөбүз деп мурунку Өкмөткө берген убадаңарды аткарган жоксуздар. Эми 2013-жылдын августуна чейин завод ишке киргизүүнү камсыз кылуу керек”,-деди Ж.Сатыбалдиев.
Ошондой эле Премьер-министр инвесторлорго Кыргызстандын мыйзамдарынын чегинде иш алып баруунун зарылдыгын эскертти. “Биз кимдир бирөөнүн экологияга зыян келтирип иштешине жол бербейбиз. Бардык инвесторлорду сыйлоо менен кабыл алабыз, сиздер өз кезегинде биздин өлкөнүн мыйзамдарын сыйлап, аны сакташыңыздар керек”,-деди Ж. Сатыбалдиев.
Өкмөт башчысы өндүрүш ишке киргизилгенде заводдо иштеген биздин өлкөнүн жарандарынын саны жалпы жаматтын 90 пайызын түзүшү керек деп кошумчалады. “Аларды окутууну азыртадан эле баштоо зарыл”.- деп сөзүн аяктады.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
маалыматтык саясат бөлөмү