02
Октябрь
Бүгүн, 2-октябрь күнү, Ысык–Көл областындагы иш сапарынын алкагында Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жантөрө Сатыбалдиев Каракол шаарынын ТЭЦинин жылытуу маалына карата көрүлүп жаткан даярдыктары менен таанышты. Учурда Каракол ТЭЦине 3 миң тоннадан ашык көмүр жеткирилген. Жакынкы аралыкта 10 миң тоннадан ашык көмүр келип түшүрүлүшү күтүлүүдө. Учурда ТЭЦте оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлүүдө. 4 жылытуу казандарынын ичинен 2 казаны жылытуу маалына ишке даяр. Өкмөттүн Ысык-Көл областындагы ыйгарым өкүлү Мирбек Асанакуновдун айтымында ТЭЦ “Кыргызжилкоммунсоюздун” балансында турарын белгиледи. Өкмөт башчысы Каракол шаарынын мэриясы ТЭЦти өз балансына өткөрүүгө сунуштады. Андан соң Премьер-министр 75 километр чакырымдагы “Түп-Кеген” авто жолунун жалпы участогун карап чыкты. Жалпысынан автожол долбоорунун толук суммасы 35 млн. АКШ доллары түзөөрүн Транспорт жана коммуникация министри Калыкбек Султанов билдирди. Бул суммадан 10 млн. АКШ доллары автожолчулар өздөштүрүшкөн. Түп районун Сары-Төлөгөй айылынын жашоочулары менен болгон жолугушууда Өкмөт башчы учурда бюджеттин оор абалда экендигин түшүндүрүп, автожол 2-3 жылдын ичинде бүтөрүн белгиледи. Кыргыз-казак “Каркыра” чек ара бекетине келгенде, Премьер-министр чек арачылар жана бажы кызматкерлери менен пикир алышты, алар учурдагы чек арадагы кырдаал тууралуу маалымат беришти. Алардын сөзү боюнча азыркы күндө чек ара толугу менен жабык. Казакстан тарабынан чек арасы ачылса, эки өлкө ортосундагы соода-экономикалык кызматташтык күч аларын маалымдашты. Түп, Ак-Суу, Тоң районун калкынын айыл-чарба азык-түлүктөрүн Казахстанга сатууга мүмкүнчүлүгү жаралып, казак туристтери үчүн Ысык-Көлгө жана Каракол шаарынын жанында жайгашкан тоодо лыжа тебүүчү базага кыска жол ачыла тургандыгын белгилешти.
Андан кийин Жантөрө Сатыбалдиев “Каркыра” чек ара заставасында болду. Өкмөт башчы чек арачылар менен пикир алмашып, алардын тамак-ашы, кызмат өтөөнүн кыйынчылыктары тууралуу сурап, казарманы карап чыкты. Өкмөт башчысы чек арачыларды чын ниети менен кызмат өтөп жаткандыктары үчүн алкыш билдирди. Ошондой эле М. Асанакуновго казармадагы жууркан-шейшептерди жаңылап, имаратты толук оңдоп берүүсүн тапшырды.
Кайтып келе жатып, Өкмөт башчы Сан-Таш айыл өкмөтүндөгү Сары-Төлөгөй айылындагы Калыс Эгембердиев атындагы орто мектептин абалы менен таанышты. КР Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү