17
Сентябрь
Бүгүн, 17-сентябрда, Кыргыз Республикасынын Премьер-министрдин Нарын областы боюнча иш сапарынын алкагында Жантөрө Сатыбалдиев Кочкор жана Жумгал райондорунда жайгашкан бир катар объектилерге барды.
Күндүн биринчи жарымында Премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев Бишкек – Торугарт жолунун Боом капчыгайындагы тилкесиндеги курулуштун жүрүшү менен таанышты.
Андан соң Кыргыз Өкмөтүнүн башчысы Кочкор районунун Теңдик айылына барып, андагы коллектордук-дренаждык тармактын абалы менен таанышты. Бул тармак өткөн кылымдын 1960-жылы курулган. Кийинки жылдары эскилиги жеткен жана акыр-чикирге толгон дренаждык тармак ойдогудай иштебей кыртыш алдындагы суу жер үстүнөн 20-30 сантиметрге көтөрүлүп, айылдагы үйлөрдү, жертөлөлөрдү жана огороддорду басууда. Азыркы кезде жалпысынан 3,5 гектар аянтты ээлеген 115 турак үйлөрдүн жараксыз болуп калуу коркунучу бар.
Коллектордук-дренаждык тармактын абалы менен жеринде таанышкандан кийин Жантөрө Сатыбалдиев Республиканын өзгөчө кырдаалдар министрлигине декабрь айынын ортосуна чейин үйлөрдү жана огороддорду суу басып калуу коркунучун четтетүүнү тапшырды. Бул үчүн ведомствонун, ошондой эле райондук мамлекеттик администрациянын, жергиликтүү калктын күчтөрү пайдаланылат.
Кыргыз Өкмөтүнүн башчысы андан соң Кочкор районунун Көк-Жар айылында жайгашкан картошка сактоочу жайды көрдү. Анда Жантөрө Сатыбалдиев картошка өстүргөн фермерлер менен жолукту. Маектешүүнүн жүрүшүндө айыл чарбасынын азыркы абалына жана дыйкандар муктаж болгон мамлекеттик колдоого байланыштуу маселелер талкууланды.
Областтын Жумгал району боюнча иш сапарын Премьер-министр Чоң-Дөбө айылынан баштап, андагы 247 окуучулар окуп жатышкан Тынаалы атындагы орто мектептин абалы менен таанышты.
Курулуш жана аймактык өнүктүрүү Мамлекеттик агентчилигинин директору Каныбек Нарбаев белгилегендей, жакында болгон жер титрөөдөн кийин Тынаалы атындагы мектептин имараты авариялык абалга келген. Жаңы мектепти куруу үчүн каражаттар республикалык бюджетте каралган. Жакында Чоң-Дөбө айылынын балдары үчүн жаңы мектеп курулат деген ишеним бар”,- деди Жантөрө Сатыбалдиев.
Андан кийин өлкө Премьер-министри Жумгал Районундагы Көк-Ой айылынын тургундары менен жолугушту. Айылдыктар Жантөрө Сатыбалдиевдин алдына менчик турак үйлөрдү куруу үчүн жерди трансформациялоо жана Чаек айылынын жашоочуларын таза суу менен камсыз кылуу маселелерин коюшту.