03
Октябрь
2012
Бүгүн, 2-октябрда, Ыссык-Көл областына болгон иш сапарынын алкагында Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жантөрө Сатыбалдиев аймактын жашоочулары жана активи менен жолугушту.
Жолугушууда областтын райондук мамлекеттик администрацияларынын башчылары, ошондой эле Каракол жана Балыкчы шаарларынын мэрлери аткарылган иштер жөнүндө отчет беришти жана аймактардагы кырдаалды баяндашты.
Отчетторду уккандан кийин Жантөрө Сатыбалдиев жергиликтүү калктын көйгөйлүү маселелерин чечүүдө чабалдык кылып жатышкан айрым райондордун акимдерин катуу сынга алды. «Айылдардын жана райондордун деңгээлинде чечиле турган көптөгөн маселелерди чечүү создугуп кеткен. Чиновниктер өздөрү чече турган маселелерди Бишкекке оодара салышат. Андай болбош керек. Пайда болгон маселелерди өз убагында чечүү үчүн азыр силерде бардык укуктар бар”,- деди Өкмөт башчы.
Премьер-министр областтын айрым жетекчилеринин компетенттүлүгүндө шеги бар экендигин айтты. Тактап айтканда, Ак-Суу районунун акими Жолдошбек Байсеитов райондун билим берүү мекемелерин кышка даярдоону үзгүлтүккө учураткан.
Областтын жашоочуларынын алдында сүйлөгөн сөзүндө Жантөрө Сатыбалдиев аймакта экологиялык балансты сактоо маселелерине токтолду. «Баарыбыз Ала-Тоонун бермети болгон Ыссык-Көлдүн убайын көрүп жатабыз. Бирок көлдүн аймагында экологияны сактоого салым кошкубуз келбейт. Бул туура эмес. Биз ыйык көлүбүздү кийинки урпактарга таза жана кооз бойдон сактап, өткөрүшүбүз керек”,- деди ал.
Ушундан улам, Премьер-министр райондук мамлекеттик администрациялардын башчыларына аймакта экологиялык тең салмактуулукту сактоого көңүл бурууну, иштеп жаткан пансионаттар менен эс алуу үйлөрүндөгү суу тазалоочу жайлардын абалын текшерип чыгууну тапшырды.
Жаңы жумуш орундарын түзүү жана токтоп турган ишканалардын ишин жандандыруу маселелерине токтолуп, Жантөрө Сатыбалдиев Кыргыз Өкмөтү бул маселеге артыкчылык маани берээрин билдирди. «Күрмөнтүцемент» заводундагы кырдаалды алсак, анда абал абдан эле оор. Бирок завод иштеши керек. Ошондуктан жергиликтүү бийлик, айылдын жашоочулары жана заводдун администрациясы 3 айлык мөөнөттө бардык келишпестиктерди четтетип, продукция өндүрүүгө киришүү зарыл», — деп белгиледи Өкмөт башчысы.
“Кумтөр” алтын кенине барганына токтолуп, Жантөрө Сатыбалдиев өлкө бийлиги инвесторлор менен диалогко даяр экендигин дагы бир жолу баса белгиледи. «Бардык талаш маселелерди жолдорду тоспостон, конструктивдүү мамиле жасоо менен чечүү керек. «Кумтор Оперейтинг Компани» компаниясынын жетекчилиги менен сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында биз толук өз ара түшүнүшүүгө жетиштик. Тактап айтканда, кенчилердин колдоосу менен областта жаштардын окуусуна, товарларды сатып алууга, алардын бизнес идеяларын ишке ашырууга колдоо көрсөтө турган Жаштар банкы түзүлөт»,— деп кабарлады ал.
Ыссык-Көл областы боюнча иш сапарынын аягында Жантөрө Сатыбалдиев жарандарды жеке маселелер боюнча кабыл алды жана жергиликтүү тургундардын суроолоруна жооп берди.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү