12
Декабрь
Бүгүн, 12-декабрда, кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жантөрө Сатыбалдиев “Ата-Бейит” мемориалдык комплексинде улуу жазуучу, гуманист Чынгыз Айтматовдун туулган күнүнүн 85 жылдык мааракесине арналган эскерүү иш чарасына катышты.
Бүгүн бүткүл дүйнөгө таанымал кыргыз жазуучусу жана замандашыбыз Чынгыз Айтматов көзү тирүү болсо 85 жашка чыкмак.
“Чынгыз Айтматовдун мекени Кыргызстан сыяктуу эле, дүйнөнүн башка өлкөлөрүндө таланттуу жазуучунун 85 жылдык мааракесин белгилеп жатышат. Анын чыгармачыл мурасына баа берүү өтө оор. Ал өз чыгармалары аркылуу окурмандарына боорукерлик, кайрымдуулук, чынчылдык, айкөлдүк сыяктуу асыл сапаттарды берүүгө далалат кылган. Улуу жазуучу өзүнүн табийгат берген таланты, көшөргөн эмгеги аркылуу миллиондогон окурмандарынын жүрөгүнөн түнөк таап бийиктиктерге жете алды. Анын чыгармалары Кыргызстан гана эмес, бүтүндөй адамзаттын мурасы. Чынгыз Төрөкулович дүйнөлүк маданияттын казнасына опол тоодой салым кошо алды. Чынгыз Айтматов – дүйнөлүк маданияттын баалуулуктарынын системасында терең изилдөөнү талап кылган инсан. Чынгыз Айтматов ар дайым эл аралык тилектештиктин жана биримдиктин элесин берген Кыргызстандын сыймыгы болуп кала берет”, - деди Жантөрө Сатыбалдиев.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
Маалыматтык камсыздоо бөлүмү