29

Ноябрь

2013

Бүгүн, 29-ноябрда, Ташкен шаарында Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жатөрө Сатыбалдиев Кытай Эл Республикасынын Мамлекеттик кеңешинин Премьери Ли Кэцян менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүздү.

Жолугушууну ачып жатып, Жантөрө Сатыбалдиев Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы стратегиялык өнөктөштүктү жөнгө салуу боюнча 2013-жылдын сентябрь айында кабыл алынган Декларация эки тараптуу мамилени тереңдетип, кеңейтүүчү тарыхый мааниге ээ.

“Кыргызстан менен Кытайдын соода-экономикалык кызматташтыгы, товар өндүрүүдөгү теңдешсиздикке карабай, ыкчам өнүгүүдө. Албетте, Кыргызстандан өндүрүлгөн товарларды Кытайга экспортто менен теңдешсиздикти төмөндөтсө болот. Ошол себептен, Кыргыз Өкмөтү айыл-чарба продукцияларын Кытайга экспорттоого кызыктар. Бул багытта биз Кытай тараптын колдоосуна ишенебиз”, -деди Жантөрө Сатыбалдиев КЭРнын Мамлекеттик кеңешинин Премьерине.

Ошондой эле, Жантөрө Сатыбалдиев Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши 400 млн. долларга бааланган “Түндүк-Түштүк альтернативдик жолу долбоору боюнча жеңилдетилген насыя келишимин ратификациялоо жөнүндө” мыйзам долбоорун жактыргандыгы жөнүндө Ли Кэцянга маалымдады.

Өз кезегинде Ли Кэцян товар өндүрүүдөгү теңдешсиздикти төмөндөтүүгө колдоо көрсөтөөрүн билдирди. “Кытайда эт азыктарына суроо-талап чоң. Буга байланыштуу, Кытай Кыргызстандан айыл-чарба азыктарын импорттоого көмөк көрсөтөбүз. Андан сырткары, Кытай Өкмөтү унаа, байланыш жана инфраструктураны өнүктүрүүгө багытталган долбоорлор менен таанышып, каражат жумшоого даяр”,- деди Ли Кэцян.

Жолугушууда Жантөрө Сатыбалдиев жана Ли Кэцян энергетика, айыл чарбасы жана эркин экономикалык аймагын түзүү багытында да инвестициялык долбоорлорду талкуулашты.

 

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

Маалыматтык камсыздоо бөлүмү