30
Ноябрь
29-ноябрда, Ташкент шаарында Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жантөрө Сатыбалдиев Ооганстан Ислам Республикасынын экинчи Вице-президенти Мохаммад КаримХалил менен жолугушту.
Жолугушуунун жүрүшүндө Жантөрө Сатыбалдиев Кыргызстан эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө даяр экендигин, анын далили катары Кыргызстанда Ооган Элчилигинин ачылышы күбө экендигин билдирди.
“Дипломатиялык ишмердүүлүк биргелешкен аймактык долбоорлорду ишке ашырууда башкы звено. Кыргызстан жогорку суу-энергетикалык мүмкүнчүлүккө ээ. Ошол себептен биз CASA-1000 долбоору боюнча кызматташууга даярбыз, — деди Премьер-министр.
Ал кыргызстандык компаниялар Ооганстандын инфраструктурасын калыбына келтирүү ишине жана курулуш материалдарын (цемент,айнек,кирпич ж.б.) экспорттоого кызыктар экендигин баса белгиледи. Ошондой эле, Жантөрө Сатыбалдиев маектешине айыл-чарба продуктыларын экспорттого даяр экендигин билдирди.
Жолугушууда Жантөрө Сатыбалдиев Ооганстандын Бадахшан аймагында отурукташкан кыргыздардын көйгөйлүү маселесин көтөрдү.
“Жакында Кыргыз Өкмөтү жана Жогорк Кеңеш биздин ал жактагы мекендештерге гуманитардык жардам жеткизишкен. Алардын көбүнүн жарандыгын аныктаган паспорттору жок. Балдарын окутууга, медициналык кызмат алуучу объектилер жок.Ошол себептен, Сизден өтүнөөрүбүз аларга паспорт алып, медициналык борбор жана мектеп ачып берсеңиздер. Ал эми, Кыргыз Өкмөтү зарыл болгон адистерди жиберүүгө даярбыз”,- деди Премьер-министр Ооганстандын экинчи Вице-президентине кайрылып.
Өз кезегинде Мохаммад Карим Халил Ооганстан да CASA-1000 долбоорун ишке ашырууга кызыктар экендигин айтты.
“Биз эки тараптуу соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык байланыштарды тереңдетүүгө даярбыз”,-деди ал.
Бадахшанда отурукташкан кыргыздар боюнча Мохаммад Карим Халил былтыр декабрда ШКУга мүчө мамлекеттердин Өкмөт мүчөлөрүнүн Кеңешинин алкагында Жантөрө Сатыбалдиев менен жолугушкандан кийин Кабулда атайын жыйын өткөргөндүгүн айтты.
“Биз кыргыздар жыш отурукташкан жерлерде унаа жолдорун салууга мерчемдеп жатабыз.Бул багытта жылыштар бар. Кабулга баргандан кийин аларга паспорт берүү маселесин да карап чыгабыз”,-деди Ооганстандын экинчи Вице-президент.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
Маалыматтык камсыздоо бөлүмү