09

Февраль

2013

Бүгүн, 8-февралда, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жантөрө Сатыбалдиев өлкөнүн экономика тармактарын күз-кыш мезгилинде өткөрүү боюнча республикалык штабдын селектордук жыйынын өткөрдү. 

Жыйындын жүрүшүндө штаб мүчөлөрү, облустардагы Өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлдөрү Премьер-министрге калктын жана экономиканын кыш мезгилинде өтүүсүнүн жүрүшү тууралуу маалымат беришти. 

КР өкмөтүнүн облустардагы өкүлдөрүнүн айтуусу боюнча билим берүү жана саламаттык сактоо министрликтеринин объекттери, ошондой эле калк тиешелүү көлөмдөгү көмүр менен камсыз болушкан. 

Ж.Сатыбалдиев Финансы министрлигине жакын арада кыш мезгилин өткөрүү үчүн республикалык бюджеттен кезектеги траншты каржылоо жөнүндө тапшырма берди. 

Мындан тышкары Премьер-министр “Кыргызжилкоммунсоюз” мамлекеттик ишканасына бардык котельныйларды жергиликтүү бийликтердин балансына өткөрүп берүүгө, алар өз кезегинде котельныйларды катуу отунга өткөрүүсү тууралуу тапшырма берди. 

Өкмөт башчы сууну аздыгын эске алып энергия сарамжылоонун планын иштеп чыгууга штабдын мүчөлөрүнө тапшырды. Энергетика жана өнөр жай министри А. Калмамбетов  6-февралга карата Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү 13 млрд. 200 млн. куб. м. түзгөнүн, былтыркы жылга салыштырмалуу  2,4 млрд. куб. м. аз экендигин маалымдады. Аталган суу сактагычта суунун көлөмү апрелдин башына карата 10,6 млрд. куб. м. көп болушу күтүлүүдө. 

Мындан тышкары жыйындын жүрүшүндө жазгы талаа иштерине даярдануу, ирригациялык системаларды тазалоо маселелери талкууланды. 

Ж.Сатыбалдиев жергиликтүү бийликтердин өкүлдөрүнө жазгы тала иштерине өзгөчө көңүл бөлүүнү, өз убагында фермерлерди күйүүчү-майлоочу майлар, үрөндөр жана жер семирткичтер менен камсыздоо тууралуу тапшырма берди. 

 

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү