28

Ноябрь

2013

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жантөрө Сатыбалдиев Кохир Расулзодага Тажик Республикасынын Премьер-министри болуп дайындалышы менен куттуктаган телеграммасын жолдоду.

Куттуктоодо мындай деп айтылат:

“Урматтуу Кохир Расулзода!

Сиздин Тажик Республикасынын Премьер-министри болуп дайындалышыңыз менен чын ниетимден куттуктайм.

Кыргызстанда Тажик Республикасы менен өз-ара түшүнүшкөн достук мамиленин чыңдалышына жана мында ары да кызматташтыгыбыздын тереңдешине өзгөчө маани берилет.

Сиздин бул мамлекеттик кызматтагы ишмердүүлүгүңүз Кыргыз Республикасы менен Тажик Республикасынын эки тараптуу кызматташтыгынын өнүгүүсүнө, ошондой эле, биздин мамлекеттердин элдеринин достук салтын тереңдетүүгө түрткү берет деп ишенем.

2013-жылдын 28-29-ноябрында Ташкентте өтүүчү Шанхай Кызматташтык Уюмуна кирген мамлекеттердин Өкмөт башчыларынын кеңешмесинин жүрүшүндө Сиз менен биргелешкен кызыкчылыктарды камтыган маселелерди  талкуулоодо жолугушам деп ниеттенем.

Мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, Сизге, урматтуу Кохир Расулзода, чын ниетимден чың ден-соолук, бакубаттуулук жана жаңы, жоопкерчиликтүү кызматыңызда албан-албан ийгиликтерди каалайм.

     Терең урматтоо менен,                               Жантөрө Сатыбалдиев”