18

Апрель

2013

Бүгүн, 18-апрелде, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жантөрө Сатыбалдиев региондордогу иш сапарынын алкагында Жалал-Абад облусундагы Тогуз-Торо районундагы “Макмалалтын” алтын кен комбинатынын иши менен таанышты. 

“2012-жылдын күзүнөн баштап Өкмөт “Макмалалтын” ишканасынын иштөөсүн  улантуу тууралуу маселенин үстүнөн иштей баштаган. Жакынкы күндөрдө “Макмалалтын” ишканасына  запасы 6,5 тонна алтын бар “Кылдоо” алтын кенин иштетүүгө лицензия берүүнү чечтик. Мындан тышкары бир нече участоктордо чалгындоо иштери жүрүүдө. “Макмал” бул биринчи кезекте социалдык долбоор. Бул жерде 1200 адам эмгектенишет жана Тогуз-Торо району гана эмес республика  үчүн эң маанилүү объект. Комбинатты иштетүү үчүн Өкмөт аны ар тарптан колдойт”,- деди Премьер-министр комбинаттын жумушчулары менен жолугуу учурунда. 

“Макмалалтын” комбинаты былтыркы жылы план боюнча 410 кг. Алтын берүүнүн ордуна 367 кг. Алтын өндүргөн. “Биз компрессор жабдыгынын иштен чыгуусуна байланыштуу планды аткара албай калдык. Аны оңдоого 2 ай кетти”, -деп себебин түшүндүрдү комбинаттын директору Нурлан Исаков. 

Быйыл 500 кг алтын өндүрүү пландаштырылганын белгилейбиз. Учурда  алтын 1820 кг запасы бар  үч участкада иштетилүүдө. Мындан тышкары чалгындоо иштери башка участоктордо активдүү жүрүүдө. 

Мындан тышкары премьер-министр 12 жылга эсептелген  зыяндуу  калдыктарды сактоочу жайдын курулушу менен таанышты. Аталган жай быйыл ишке берилет.

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

маалыматттык саясат бөлүмү