31
Октябрь
Бүгүн, 31-октябрда, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жантөрө Сатыбалдиев “Энергетика секторундагы реформалар” аталышындагы Эл аралык конференцияга катышты.
Конференциянын катышуучуларынын алдында сөз сүйлөп жатып, Жантөрө Сатыбалдиев энергетика тармагындагы көйгөйлөргө объективдүү караган жана тармакты башкарууну жакшыртууга сунуш, пикирлерди иштеп чыгууга мүмкүнчүлүк берген конференциянын маанилүүлүгүн айтты.
Премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиевдин конференцияда сүйлөгөн сөзү:
“Урматтуу конференциянын катышуучулары”
Энергетика биздин өлкөнүн экономикасынын бюджетин түзүүчү тармак. Ошол себептен, Өкмөттүн ишмердүүлүгүңдө негизги багыттардын бири.
Акыркы убактарда энергетикалык компаниялардын каржы-экономикалык абалы начарлап кеткендигин айтуу керек. Ал өлкөнүн энергосистемасындагы техникалык абалдын начарлоосуна алып келди. Жабдыктардын эскириши акыркы жылдарда бир катар авариялык абалдарга алып келди жана энергияны үнөмдөөгө ишенимди төмөндөттү.
Мындай абалга дуушар болуунун негизги себеби тармакты башкаруунун начардыгынан көрүнүүдө.
Абалдан чыгуу үчүн комплекстүү чараларды көрүп, ошол эле учурда реформаларды жүргүзүү керек. Учурда чаралар көрүлүүдө, жаңы кубаттуу генераторлор, электр өткөргүч линиялары курулуп, энергияны заманбап эсептөө системасы киргизилип, энергокомпанияларда менеджментти жакшыртуу жана сектордо тунуктукту камсыздоо иштери жүрүп жатат.
Учурда энергосекторунун үзүрлүү иштөөсүнө жана өлкөнүн энергетикалык коопсуздугун камсыздоо үчүн энергетикадагы ири долбоорлорду ишке ашыруу боюнча чоң жылыштар бар. Атап өтсөм, алар: “Кыргызстандын түндүгүндө 500 кВ “Датка” подстанциясынын түйүнүн киргизүүчү “Кыргызстандын түштүгүндө электр камсыздоону жакшыртуу”, “Датка-Кемин” 500 кВ электр өткөргүч линияларынын курулушу”, Камбарата ГЭС-1 курулушу жана Жогорку-Нарын ГЭС каскады.
Ошол эле учурда, Кыргыз Республикасынын Улуттук стратегиясынын орто мөөнөттөгү программасында 16 долбоор киргизилген. Азыркы мезгилде анын 12си ишке ашууда.
Буга байланыштуу эл аралык финансы институттарынын республиканын энергетика системасындагы ишин өнүктүрүүгө жана бекемдөөгө катышуусу абдан маанилүү.
Тармактын өнүгүүсүндө жетекчилер түзүмүнүн деңгээлин жогорулатуу, башкаруунун заманбап механизмдерин киргизүү маанилүү деп ойлойм. Ошол себептен, энергетикалык компанияларда кадрларды тандоодо озгөчо көңүл бурулушу керек.
Өкмөт тарабынан 2013-жылдын 24-июлунда 2013-2014-жылдарга карата энергетикалык секторду реформалоо боюнча иш-чаралардын планы бекитилген. Аталган мерчемдин негизги максаты башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатуу жана энергетика тармагын туруктуу каржылоо, отчеттуулуктун тазалыгын камсыздоо, энергетикада мыйзамдуулукту жаңыртуу жана өлкөнүн энергетиктерине элдин ишенимин кайтаруу болуп саналат.
Ошол эле учурда, Өкмөт энергетика секторунда ишмердүүлүктүн натыйжалуулугун жакшыртып, инвестицияны тартууга баардык шарттарды түзүүнүн үстүндө иштеп жатат.
Урматтуу конференциянын катышуучулары!
Өткөрүлүп жаткан Эл аралык конференция атамекендик энергетиканын негизги принциптерин иштеп чыгууда жана энергетика тармагын туруктуу өнүктүрүүдө конструктивдүү сүйлөшүүлөргө өбөлгө болот”.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
Маалыматтык камсыздоо бөлүмү