06

Ноябрь

2013

Бүгүн, 6-ноябрда, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жантөрө Сатыбалдиев Кыргызстандагы Канаданын атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Стефен Милларды кабыл алды.

Жолугушууну ачып жатып, Жантөрө Сатыбалдиев элчинин ишин жогору баалоо менен, эки тараптуу мамиленин өнүгүүсү маанилүү экендигин баса көрсөттү.

Маек учурунда тараптар “Кумтөр” долбоорун ишке ашыруу боюнча сүйлөшүү процессине байланыштуу маселелерди талкуулашты жана Кыргызстан менен Канада өнөктөштүгүнүн пайдасы үчүн достукту мындан ары чыңдоо кызыкчылыгында кызматташтыкка даяр экендиктерин билдиришти.

Өкмөт башчы Кыргызстан “Кумтөр” долбоорун мындан ары ишке ашырууга кызыктар экендигин белгиледи. “Өлкөнүн экономикасы үчүн кен чоң мааниге ээ. Меморандумдун мазмунун иштеп чыгууда биз негиги максатты көздөдүк. Ал – эки тарпты тең  “Centerra Cold Ink.” Компаниясын да жана Кыргыз Республикасын да канааттандырган вариант болуш керек”,- деди Жантөрө Сатыбалдиев.

Өз кезегинде Стефен Миллар “Кумтөр” долбоору боюнча баардык кызыктар тарап жеңишке жетишкен келишимге келүүнүн маанилүүлүгүн айтты.

“Мен өлкөнүн парламентинин мурда кол коюлган Меморандум боюнча белгилүү көз карашы бар экендигин жакшы түшүнөм. Бирок, бул сүйлөшүүлөр ашыкча саясатташпай, экономиканын тегерегинде өтүүсү абдан маанилүү. Бул туурасында мен Жогорку Кеңештин депутаттары жана министрликтердин жетекчилери менен жолугушуу учурларында айтып жатам. Эки тарап тең “Кумтөр” компаниясынын туруктуу иштөөсүн камсыз кылган келишимге келүүсү абзел. Бул кыргыз экономикасына салым кошууга даяр болгон баардык инвесторлорго оң натыйжа берет”,-деди  элчи.

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

Маалыматтык камсыздоо бөлүмү