03
Декабрь
Бүгүн, 3-декабрда, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жантөрө Сатыбалдиев Кыргыз Республикасынын коргоо Кеңешинин катчысы Бейшенбай Жунусовду кабыл алды.
Жолугушууда “Бийлик органдарында саясий жана системалуу коррупциянын себептерин жоюу чаралары жөнүндө” Кыргызстандын Президентинин Жарлыгынын жана коргоо Кеңешинин аткарылышы талкууланды.
“Бүгүн өлкөнүн жетекчилигинде коррупция менен күрөшүү боюнча чыныгы саясий эрк бар. Бул багытта тергөө органдарынын иликтөөсүндөгү адамга кызматына, саясий кадыр баркына карабай тергөө иштери жүргүзүлөт. Коррупция менен күрөшүүдө коомчулук бийликтин сөздөн ишке өтүүсүн күтүп келген. Биз коррупционерлер менен казына тоноочулар жазадан кутула албай тургандыгын билгидей кылышыбыз керек”, - деди Жантөрө Сатыбалдиев.
Кыргыз Республикасынын коргоо Кеңешинин катчысы Бейшенбай Жунусов Өкмөт башчыга системалуу коррупция менен күрөшүү чаралары жана мамлекеттик органдардагы коррупциялык схеманы жоюу боюнча иштелип чыккан иш-чаралардын комплекси тууралуу маалымат берди.
Ошондой эле, жолугушууда күч түзүмдөрүнүн натыйжалуу ишин камсыздаган жана алар мыйзам тарабынан белгиленген ыйгарым укуктарын аткарууну камсыздоо үчүн, Кыргыз Республикасындагы укук коргоо органдарынын иш аракетинин түзүмү коргоо Кеңешинин Катчылыгы тарабынан иштелип чыгуу маселеси талкууланды.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
Маалыматтык камсыздоо бөлүмү