23
Январь
2013
Бүгүн, 22-январда, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жантөрө Сатыбалдиев Кыргыз Республикасынын Ички иштер министри Шамил Атаханов менен жумушчу жолугушуусу болду.
Жолугушуу учурунда Ш.Атаханов Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарын 2013-2017-жылдары реформалоо Концепциясынын долбоорун презентация кылды.
Сунушталган документтин маңызын талкуулоо учурунда, Өкмөт башчысы аталган Концепциянын башкы максаты болуп элдин милицияга болгон ишенимин кайтаруу болуп эсептелинет деп белгиледи. “Концепцияны ишке ашыруу 2017-жылга чейин. Бирок бул өтө чоң мөөнөт. Биздин бүгүн ага чейин күтүүгө убактыбыз жок. Реформага элди ишендирүү үчүн биз ушул жылдын акырына чейин өз иштерибизди көрсөтүүбүз керек. Биз жарандарыбызга өлкөдө укуктук тартип туруктуу сакталып, кылмыш иштери адилеттик менен кыска убакыттын ичинде аягына чейин чыгаарына ишеним арттырышыбыз зарыл”, -деди Премьер-министр.
Жыйындын жыйынтыгы боюнча Премьер-министр Ички иштер министрлигине төмөндөгүдөй тапшырмаларды берди:
-10 күндүк мөөнөттө Концепциянын долбоорун кайрадан иштеп чыгып Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин жетекчилиги менен өтүүчү кезектеги жыйында кенен форматта талкуу өткөрүүнү;
- кайрадан иштелип чыккан Концепциянын долбоорун коомдук талкууга алуу үчүн ИИМдин жана Өкмөттүн сайттарына чыгарууну;
-Концепциянын долбоорун талкуулоо боюнча жарандык коомчулук менен өкмөттүк эмес уюмдардын катышуусунда тегерек столдорду уюштурууну;
-Концепцияны талкуулоо боюнча улуттук жана эл аралык эксперттердин катышуусу менен илимий конференцияларды өткөрүүнү.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү