30

Ноябрь

2013

29-ноябрда, Ташкент шаарында Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жантөрө Сатыбалдиев жаңы дайындалган Тажик Республикасынын Премьер-министри Кохир Расулзода менен жолугушту.

 “Кыргызстан биздин мамлекеттер ортосунда мамиленин тереңдешине чоң маани берет. Сиздин жаңы мамлекеттик кызмат ордундагы ишмердүүлүгүңүз эки тараптуу кызматташтыктын өнүгүшүнө өбөлгө түзөт”,- деди Жантөрө Сатыбалдиев.

 Ал тажик кесиптешине кыргыз-тажик өкмөттөр аралык комиссиясынын ишин жандандырууну сунуштады.

 Өз кезегинде Тажик Премьер-министри куттуктоо сөзүнө ыраазычылык билдирүү менен, эки тараптуу кызматташтыкты бекемдөөгө багытталган, мурда жетишилген сүйлөшүүлөрдү ишке ашыруу үчүн тажик тарап баардык аракеттерди көрөөрүн билдирди.

 Жолугушуунун алкагында тараптар суу-энергетикалык маселелер, чек ара көйгөйлөрүн чечүү, Тажикстандын Согд облусу менен Кыргызстандын Баткен облусунун ортосунда кызматташтыкты жөнгө салуу маселелерин талкуулашты.

 

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

Маалыматтык камсыздоо бөлүмү