18

Декабрь

2018

Жеңишбек Ногойбаев КР транспорт жана жолдор министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жаңы мүчөсү белгиленген тартипте дайындалганга чейин Ногойбаев Жеңишбек Ашимкулович Кыргыз Республикасынын транспорт жана жолдор министринин милдетин аткаруучу кызматына дайындалды. Тиешелүү буйрукка Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду.

Кыргыз Республикасынын

Өкмөтүнүн Аппаратынын

маалыматтык камсыздоо бөлүмү