16
Ноябрь
Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча республикалык штабдын кезектеги жыйыны өттү
Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча өлкөдөгү көрүлүп жаткан даярдыктар тууралуу бүгүн, 16-ноябрда, Республикалык штабдын кезектеги жыйынында талкууланды.
Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер-министри, республикалык штабдын төрагасы Мухемметкалый Абулгазиев, алдыда боло турган жергиликтүү кеңештердин шайлоолору 22 шаардык жана 389 айылдык кеңештерде өткөрүлөрүн билдирди.
Мындан сырткары штабдын жыйынында Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова менен Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Тайырбек Сарпашев алдыдагы көрүлүп жаткан даярдыктар тууралуу толук маалымат берди.
Ошондой эле Өкмөттүн бардык облустарындагы өкүлдөрү жана Ош Бишкек шаарларынын мэрлери өз аймактарындагы даярдыктар тууралуу кабарлады.
Жалпысынан жергиликтүү кеңештерге шайлоону жана референдумду уюштуруу үчүн 2365 шайлоо участогу жана 54 аймактык шайлоо комиссиясы түзүлдү.
2016-жылдын 11-декабрында өтө турган жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жана референдум өткөрүү убагында керектүү болгон бардык муктаждыктарды жоюу, укук коргоо органдары тарабынан тизмеде 700 ашык жаран катталган шайлоо тилкелерине кошумча тартип сактоо кызматкерлери менен камсыз кылуу, компьютер, байланыш, кошумча операторлордун болушун көзөмлгө алуу тууралуу ар бир аймакта дыкат текшерүүлөр жүргүзүлмөй болду.
Жыйынтыгында Биринчи вице-премьер-министр бардык тиешелүү мамлекеттик органдар даярдык иштерине жоопкерчиликтүү мамиле жасап, берилген тапшырмаларды өз убагында бүткөрүүнү тапшырды.
«Биз мыйзам чегинде иштеп, шайлоо жана референдум демократиялык негизде, таза жана жакшы уюшкандыкта өткөрүлүшү үчүн зарыл нерселердин баарын жасайбыз» - деп жыйынтыктады Мухемметкалый Абулгазиев.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын
маалыматтык камсыздоо бөлүмү