07

Декабрь

2016

Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча республикалык штабдын кезектеги жыйыны өттү

Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча даярдыктардын жыйынтыктары боюнча бүгүн, 7-декабрда, Республикалык штабдын кезектеги жыйынында талкууланды.

Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер-министри, республикалык штабдын төрагасы Мухемметкалый Абулгазиев белгилегендей, алдыда боло турган жергиликтүү кеңештерге шайлоолор 22 шаардык жана 389 айылдык кеңештерде өткөрүлөт.

Штабдын жыйынында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова республикадагы бардык шайлоо участокторунда даярдыктар өз мөөнөтүндө, белгиленген график менен жүргүзүлүп жатканын билдирди. Ал маалымдагандай, учурда өлкө боюнча бардык шайлоо тилкелери техникалык каражаттар менен камсыз болгон. Мындан тышкары жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жана референдум жүрүшүн көзөмөлдөө үчүн эл аралык байкоочулардын делегациялары да келип жатышат.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Тайырбек Сарпашев шайлоо өнөктүгү толук автоматташтырылган система менен ишке ашырыларын баса белгиледи.

Жыйында коомдук коопсуздукту камсыз кылуу чаралары тууралуу Ички иштер министрлигинин маалыматы угулду. Ошондой эле Өкмөттүн бардык облустарындагы өкүлдөрү, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлери өз аймактарындагы даярдыктар тууралуу кабарлады.

Соңунда Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер-министри Мухамметкалый Абулгазиев: «Өкмөттүн негизги милдети - жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоону жана референдумду таза жана жогорку уюшкандыкта өткөрүүнү камсыз кылуу», - деп баса белгиледи.

Жыйындын жыйынтыгында бардык мамлекеттик органдар менен ведомстволорго тийиштүү тапшырмалар берилди.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү