21
Февраль
Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын эмгеги бааланды
Бүгүн, Капар Медетбеков атындагы Талас облустук драма театрында Талас облусундагы жергиликтүү кеңештердин депутаттары менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Марат Мураталиев жолугушту. Жолугушуу учурунда облус жетекчиси акыркы жылдары Талас облусунда болуп жаткан ийгиликтерди белгилеп аларды ишке ашырууда жергиликтүү кеңештердин салымы зор болгонун белгиледи.
Ыйгарым укуктуу өкүлдүн айтымына караганда “Чоң-Капка” чек-ара постунан облустун аймагына ташылып кирген товарлардан кошумча нарк салыгы 2017-жылы болгону 11,0 миллион сом болсо, 2018-жылы 41 миллион сом чогултулуп башкача айтканда 30,1 миллион сом ашыгы менен чогултулган.
Ал эми өткөн 2019-жылы салыктын бул түрүнөн 133,9 миллион сом казынага келип түшкөн. Мындай жетишкендик, эң ириде контрабанда жана коррупция менен жигердүү күрөшүүнүн натыйжасында келип чыккан.
Жыйында, жергиликтүү кеңештин депутаттары Талас облусунун 2019-жылдагы социалдык экономикалык жактан жетишкендиктери менен слайд материалдар аркылуу тааныштырылды.
Аягында “Региондорду өнүктүрүү жана санариптштирүү” жылында аймактардын өнүгүшүнө өзгөчө салым кошкон бир нече депутаттар ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктүн аппаратынын, райондук мамлекеттик администрациялардын “Ардак грамоталары” жана “Ыраазычылык каттар” менен сыйланды.