24

Октябрь

2014

Аймак тургундары электр жана жылуулук энергиясына карата жаңы тарифтик саясат долбоорун талкуулоого катышууда

Үстүбүздөгү жылдын 22-28-октябрь күндөрү электр жана жылуулук энергиясына карата орто мөөнөттүү жаңы тарифтик саясат долбоорунун коомдук талкуусу өткөрүлүүдө, ошондой эле 2014-2015-жылкы күз-кыш мезгилинен өтүүгө карата даярдыктын жүрүшү каралууда.

Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр-жай министрлиги талкуунун ачык-айкындуу өтүшүнө жетишүү максатында министрлер кабинетинин мүчөлөрү, ошондой эле энергетика тармагындагы башка эксперттер республиканын бардык аймактарында сунушталып жаткан жаңы тарифтик саясатты калктын, бейөкмөт уюмдар, жергиликтүү бийлик жана ЖМК өкүлдөрүнүн катышуусунда коомдук талкууга коет.

22-октябрда жаңы тарифтик саясатты тургундар менен талкуулоо иши Нарын облусунда экономика министри Темир Сариевдин, Энергетика жана өнөр-жай министрлигинин статс-катчысы Батыркул Баетовдун катышуусунда өттү.

Кечээ, 23-октябрда, коомдук талкуу Жалал-Абад облусунун Каракөл шаарында жана Ала-Бука районунда өттү. Ушул эле күнү коомдук талкуулар Ош шаарында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын жетекчиси Нурханбек Момуналиевдин, ошондой эле Мамлекеттик отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу департамент директорунун орун басары Миргүл Айдарованын катышуусунда өттү.

Ошондой эле 23-октябрда жаңы тарифтик саясат долбоорун талкуулоо Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарында жана Кадамжай райондорунда өттү. Аталган аймак боюнча иштиктүү топ жетекчиси болуп, КР вице-премьер-министри Абдырахман Маматалиев эсептелет.

Мындан тышкары, коомдук талкуу Чүй облусунун Кант шаарында жана Сокулук районунда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын Жетекчисинин орун басары Жылдызбек Исакуловдун катышуусунда болуп өттү.

Бүгүн, 24-октябрда, талкуулар Талас облусунун Кара-Буура (13.00) жана Манас (15.00) райондорунда; Ош облусунун Ноокат (10.00) жана Карасуу (10.00) районунда; Жалал-Абад шаардык Барпы атындагы театрда (14.00); Каракол шаардык облустук мамадминистрациясында (Ысык-Көл облусу) (11.00); Баткен шаарында (Баткен областы) (10.00); Кара-Балта шаарында (Чүй областы) (10.00) өтмөкчү.

Ошондой эле бүгүн коомдук талкуулар Бишкек шаардык 13-жергиликтүү аймактык башкармалыгында (18.00) жана 14-жергиликтүү аймактык башкармалыгында (17.00) өткөрүлөт.