16
Ноябрь
Жогорку Кеңеш 2019-жылга бюджеттин долбоорун жана 2020-2021-жылдарга бюджет болжолун биринчи окууда жактырды
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жалпы жыйынын жүрүшүндө «Кыргыз Республикасынын 2017-жылга республикалык бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчетун бекитүү жөнүндө», «Кыргыз Республикасынын 2018-жылга республикалык бюджети жана 2019-2020-жылдарга болжолу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» жана «Кыргыз Республикасынын 2019-жылга республикалык бюджети жана 2020-2021-жылдарга болжолу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорлору каралды.
Аталган мыйзам долбоорлору боюнча Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев баяндама жасады. Андан соң суроо-жооп форматында талкуу жүрдү.
Кеңешме жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары 2017-жылга республикалык бюджеттин аткарылышы жөнүндө отчетту, 2018-жылдын бюджетине өзгөртүүлөрдү киргизүүнү, 2019-жылга бюджет долбоорун жана 2020-2021-жылдарга болжолун биринчи окууда жактырды.
[su_carousel source="media: 125795,125796,125797,125794" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 125694,125695,125696" link="attachment" title="no"] [/su_carousel][/su_carousel]Кыргыз Республикасынын
Өкмөтүнүн Аппаратынын
маалыматтык камсыздоо бөлүмү