30

Июнь

2015

Жогорку Кеңеш Кумтөр кенинде өндүрүштү үзгүлтүксүз жүргүзүүнү камсыз кылуу боюнча токтом кабыл алды

Бүгүн, 29-июнда Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Темир Сариев Кумтөр кени боюнча токтомдун аткарылышы каралган Жогорку Кеңештин жыйынына катышты. Жыйында Премьер-министр Темир Сариев Кумтөр кениндеги учурдагы абал жана Жогорку Кеңештин буга чейин кабыл алган токтомдорунун аткарылышы боюнча маалымат берди.

Жыйын жүрүшүндө Жогорку Кеңеш депутаттары Өкмөткө Кумтөр кенинде өндүрүштү үзгүлтүксүз жүргүзүүнү камсыз кылууну милдеттендирген токтом кабыл алышты. Ага ылайык, кендеги өндүрүш жер казынасы жана айлана-чөйрөнү, өндүрүштүк коопсуздук, өзгөчө карьеранын инфракструктурасын сактоону камсыз кылуу зарыл.

Муну менен катар 2015-жылы март айында “Центерра Голд Инк.” компаниясы жарыялаган  Кумтөр кениндеги эксплуатация планында көрсөтүлгөн алтындын запасын тактоо жана жабыр келтирилген бөлүгүндө алдын-ала экспертиза жүргүзүү да тапшырылды.

“Биз көз карандсызы илимий-эксперттик топ түзүп, Кумтөр кенине жөнөтүү менен кризистик кырдаалдан чыгуунун жолдорун иштеп чыгууну пландап жатабыз”-деди Темир Сариев.

Жогорку Кеңештин токтомун аткаруу үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кумтөр кениндеги өндүрүштү үзгүлтүксүз улантуу максатында тиешелүү иш-чаралардын планын иштеп чыгат.

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

Маалыматтык камсыздоо бөлүмү