23
Декабрь
Жогорку Кеңеш Кыргыз Республикасынын 2014-2015-жылдарга республикалык бюджетинин аткарылышын жактырды
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши “Кыргыз Республикасынын 2014-жылга жана 2015-жылга республикалык бюджетинин» аткарылышы боюнча мыйзам долбоорду кабыл алды.
Республикалык бюджеттин аткарылышы боюнча Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Темир Сариев баш болгон Өкмөт мүчөлөрү маалымат берип, депутаттардын суроолоруна жооп берди.
Мыйзамдын долбоору кабыл алынган соң Премьер-министр Темир Сариев депутаттарга ыраазычылык билдирип, парламентте айтылган ар бир сунуш эске алынганын жана аткарыларын билдирди.
“Бюджетке байланыштуу парламентте айтылган ар бир сунуш эске алынат. Өкмөт мурдагыдай эле тартипти башкы орунга коюп, өз милдетин жоопкерчиликтүү аткарууну улантат. Биз үчүн эң башка маселе тартип, мыйзамдуулук жана жоопкерчилик. Бул критерийлер боюнча Өкмөт мүчөлөрүнүн ар биринин ишине баа берилип, тиешелүү чечимдер кабыл алынат”, - деди Темир Сариев.
Ошондой эле Премьер-министр алдыга коюлган максаттарды аткаруу үчүн өлкө менен эл арасында тынчтык, туруктуулук жана эмгектин мааниси чоң экенин белгиледи.
Муну менен катар Премьер-министр өлкөдөгү инвестициялык климатты жакшыртуу үчүн парламент жана коомчулукту салым кошууга чакырды.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
маалыматтык камсыздоо бөлүмү