15
Июнь
2018
Жогорку Кеңеш Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин 2017-жылдагы Өкмөттүн аткарган иши тууралуу отчетун канааттандырарлык деп тапты
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев бүгүн, 14-июнда, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жалпы жыйынында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдагы аткарган иши тууралуу отчет берди.
Мухаммедкалый Абылгазиев өлкөнүн негизги социалдык-экономикалык көрсөткүчтөрү, отчеттук мезгилдеги Өкмөттүн ишиндеги жетишкендиктери, артыкчылыктары жана көйгөйлүү маселелери тууралуу баяндама жасады.
Ошондой эле Өкмөттүн мүчөлөрү Премьер-министр баш болуп парламентарийлердин суроолоруна жооп берди.
Кеңешменин жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин 2017-жылдагы Өкмөттүн аткарган иши тууралуу отчетун канааттандырарлык деп таануу чечимин кабыл алышты.
[su_carousel source="media: 118671,118669,118668,118667,118666,118661,118660,118659,118658,118657,118656,118655,118654,118653,118648,118647,118641" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 117429,117428,117427,117426"][/su_carousel]
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын
маалыматтык камсыздоо бөлүмү