25
Апрель
Жогорку Кеңеш Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин Өкмөттүн 2018-жылдагы ишмердүүлүгү жөнүндө отчетун жактырды
Буга чейин Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев өлкөнүн негизги макроэкономикалык көрсөткүчтөрү, анын эл аралык рейтингдердеги позициялары, экономиканын ар кыл секторлорун өнүктүрүү жыйынтыктары, ошондой эле социалдык-экономикалык маселелерди чечүү боюнча чаралар тууралуу маалымат берген.
Мындан тышкары Премьер-министр жана министрликтердин жана ведомстволордун жетекчилери эл өкүлдөрүн кызыктырган суроолорго жооп беришти.
Эки күндүк талкуулардын жыйынтыгы боюнча Жогорку Кеңештин депутаттары Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин Өкмөттүн 2018-жылдагы ишмердүүлүгү жөнүндө отчетун жактырды.
[su_carousel source="media: 132340,132341,132342,132343,132344,132345,132346,132347,132348,132349,132350,132351,132352,132353,132354,132355,132356,132357,132358,132359,132360" limit="23" link="image" title="no"]
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын
маалыматтык камсыздоо бөлүмү