27

Апрель

2012

Бүгүн, 26-апрелде, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Өмүрбек Бабанов  КР Жогорку Кенешинин пленардык жыйынында КР Өкмөтүнүн  2011-жылдагы жана «100 күндүк  программанын»  алкагында жасалган иштери боюнча отчет берди. Премьер-министр жыйын учурунда өткөн жылдагы Өкмөттүн жасаган иштерине токтолуп, «100 күндүк программанын» аткарылган иштерин, ошондой эле Өкмөттүн келээрки  жылга коюлган иш-тартиби туурасында маалымат берди. 2010-жылга салыштырмалуу мамлекеттик бюджеттин кирешеси 35% га өскөндүгү, болжолдонулган ЕврАзЭСтин Кризиске каршы фондунун жеңилдетилген кредиттеринин келип түшпөгөнүнө карабастан бюджеттин чыгашалары  толук  жабылгандыгы белгиленди. Россия Федерациясы күйүүчү-майларга болгон экспорттук төлөмдөрдү алып салганынын шарапаты менен өлкө ичинде мунайзатка болгон баанын арзандатылышы жарандардын 300 млн. АКШ долларына чейинки каражатты үнөмдөшүнө шарт түздү. Казакстан Республикасы менен капиталы 100 млн АКШ долл. түзгөн инвестициялык фонд  түзүү келишими каралган. Азыркы убакта Фонд расмий түрдө каттоодон өтүп, Казакстан 30 млн.АКШ долл. бөлдү. 2011-жылы Казакстан Республикасы менен   жаратылыш газын 1000 метр кубуна 195 АКШ долл.  сатып алуу келишими түзүлгөн, бул негизде жарандарыбыз 17 млн.  АКШ долл. үнөмдөп калышкан. Сүйлөшүүлөрдүн алкагында Түрк Республикасы 51 млн АКШ долл. сырткы карызыбызды кечкен. Ошондой эле Түркия 10 млн АКШ долларлык грант бөлүп берди. 2011-жыл  башында орточо айлык -маяна 6628 сом болсо, декабрь айында бул көрсөткүч 9352 сомду түзгөн. Пенсиянын орточо көлөмү 2886 сомдон 3796 сомго  жогорулаган. Ош жана Жалал-Абад областарын кайра калыбына келтирүү иштерине  мамлекеттик бюджеттен 3 млрд сом бөлүнгөн. «100 күндүк программанын»  алкагында аткарылган иштерге кайрылып, 2012-жылдын 1-кварталында  ички дүң продукциянын өсүшү 4,5% (Кумтөрдөн сырткары) жеткендиги, өткөн жылы бул көрсөткүч  2,1% (Кумтөрдөн сырткары) түзгөндүгү айтылды. Курулуш тармагы -13%, тейлөө тармагы- 6,8%, айыл чарбасы-1,2%,  өнөр жай сектору 17,2%, инфляция өткөн жылы 6,4% түзсө,бул жылы 0,9% төмөндөгөндүгү белгиленди. 2012-жылы жүргүзүлгөн реформалардын негизинде мамлекеттик тейлөө тармагынын кызматы 20 минден 386га кыскартылган. Өкмөт дыйкандарга бир жылдык жеңилдетилген 7% дык кредит бөлүп берди.  Аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн санын кыскартуу максатында кошумча 1млрд сом бөлүнгөн. Бардык региондордо урук-өсүмдүктөрдү өстүрүү боюнча улуттук проект иштелип чыгып, ага 7,4 млн АКШ доллары камтылган граттык каражат бөлүнгөн. Ошондой эле Өкмөт башчысы бир нече саат бою депутаттардын суроолоруна жооп берди. Жыйынтыгында  Өкмөттүн 2011-жылдагы аткарган иштерин парламент канааттандырарлык деп тапты, «100 күндүк программа»  боюнча маалымат эске алынды.  

КР ӨкмөтүнүнАппаратынын  Маалыматтык саясат бөлүмү