30
Май
2018
Жолдошбек Жунушев Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын директору кызматына дайындалды
Жолдошбек Жунушев мурда ээлеген кызматынан бошотулуп, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын директору болуп дайындалды.
Тийиштүү буйрукка Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду.
Кыргыз Республикасынын
Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү