30

Май

2018

Жолдошбек Жунушев Мамэкотехинспекциянын жамаатына жаңы директор катары тааныштырылды

Бүгүн, 30-майда, Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Замирбек Аскаров Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын борбордук аппаратынын жамаатына Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын директору болуп дайындалган Жолдошбек Жунушевди тааныштырды.

Вице-премьер-министр Замирбек Аскаров Жолдошбек Жунушев жетекчилик мыкты тажрыйбага ээ экендигин белгледи.

«Жаңы жетекчилик менен Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясы ведомство алдына коюлган маанилүү милдеттерди натыйжалуу ишке ашырууну улантарына ишеним билдирем», - деди ал.

[su_carousel source="media: 117643,117644,117645" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 117429,117428,117427,117426"][/su_carousel]

Кыргыз Республикасынын

Өкмөтүнүн Аппаратынын

маалыматтык камсыздоо бөлүмү