27
Март
2014
Джоомарт Оторбаев: «Наша задача – вынести ценности семьи на первое место»
Бүгүн, 27-мартта, Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин милдетин аткаруучу Жоомарт Оторбаев Кыргызстандагы балдардын абалы боюнча Улуттук кеңешине катышты.
Жоомарт Оторбаев өз сөзүндө мамлекет тарабынан бала менен үй-бүлөнү колдоо маселеси өлкөдө курч турганын белгилеп, тилекке каршы экономиканын оор абалына байланыштуу муктаждыктарды толук камсыз кылуу мүмкүн болбой жатканын айтты.
“Биздин милдет – үй-бүлөнүн баалуулуктарын биринчи орунга алып чыгуу. Бир топ жайсыз үй-бүлөлөр мектепке барбаган кароосуз балдардын пайда болуусуна шарт түзүүдө. Жатак мектептердеги балдардын 80 пайызынын ата-энеси бар. “Үй-бүлө” түшүнүгү жоголуп баратат”, – деди Жоомарт Оторбаев.
Анын пикиринде, 21-кылымда жашаган мамлекеттин 30 миңге чукул балдары мектепке барбайт деген алгылыктуу эмес. Расмий маалыматтар боюнча 2,5 миң бала кайырчы, ал эми расмий эмес маалымат боюнча бул цифра дагы жогору болушу мүмкүн.
“Ар бир баланын үй-бүлөсү болууга тийиш. Өкмөт тарабынан мындай үй-бүлөлөрдү колдоо толук кандуу жүрбөй жатат. Жөлөк пулдарды 10 пайызга көтөрүү менен көйгөй чечилбейт. Балдардын абалын жакшыртуу үчүн биз тереңдетилген ишти алып барабыз. Катаал турмуштук шарттагы үй-бүлөлөргө колдоо көрсөтө турган стратегия бар бизде”, – деди Премьер-министрдин милдетин аткаруучу.
Ошондой эле, ал Өкмөт балдардын моралдык жогору баалуулуктарын жаратуунун үстүндө ишти күчөтүү керек экенин айтты. “Үй-бүлөнүн моралдык баалуулуктары бузулса, эч бир акча менен аны кайра тургузууга болбойт. Биздин кеңештердин чабыты кең, биз балдардын турмуш шартын жакшырта турган жол картасын кабыл алабыз”, – деп жыйынтыктады Жоомарт Оторбаев.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
Маалыматтык камсыздоо бөлүмү