15

Сентябрь

2016

Жумагүл Эгамбердиева КР Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз адынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиктин директору болуп дайындалды

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков бүгүн,  15-сентябрда, буйрукка кол койду, ага ылайык, Жумагүл Эгамбердиева мурдагы ээлеген кызматынан бошотулуп, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз адынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиктин директору болуп дайындалды.

Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Жеңиш Разаков бүгүн, 15-сентябрда, Жумагүл Эгамбердиеваны Жергиликтүү өз адынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиктин жамаатына тааныштырды.

Жеңиш Разаков белгилегендей, Жумагүл Эгамбердиева аталган кызматка анын иш тажрыйбасын жана республика аймактарынын көйгөйүн, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин жакындан билгендигин эске алуу менен дайындалды.

Белгилесек, Жумагүл Эгамбердиева мурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Жалал-Абад облусундагы Ыйгарым укуктуу өкүлү кызматын аркалаган.

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

маалыматтык камсыздоо бөлүмү