25
Апрель
2020
Жумгалда коронавирустан айыккандар ооруканадан чыгарылды
Бүгүн Нарын облусунун Жумгал районундагы аймактык ооруканадан коронавирус илдетинен айыккан 6 адам үйүнө чыгарылды. Анын экөө медицина кызматкерлери.
Аталган ооруканада коронавируска чалдыккан дагы 1 бейтап калды. Соңку анализинин жыйынтыгы ойдогудай болсо ал дагы үйүнө чыгарылат.
Бүгүнкү күнгө чейин облус боюнча 88 адамдан оорунун вирусу аныкталган. Алардын 10 учуру Жумгал районунан катталган. 9у сакайып чыкты.
Кыргызстанда 25-апрелге карата коронавирус жуктургандардын саны 665 адамга жетти. Алардын ичинен сакайып чыкканы 345 адам болду.