25

Август

2018

Жыл аягына чейин 150 социалдык объектини аяктоо пландаштырылган, алардын 77си – билим берүү объектилери, ал эми 1-сентябрга карата 27 мектеп жана 4 бала бакча ачылат

2018-жылдын аягына чейин 150 социалдык объектини аяктоо пландаштырылган, алардын 77си – билим берүү объектилери, ал эми 1-сентябрга карата 27 мектеп жана 4 бала бакча ачылат.

2018-жылы капиталдык оңдоо объектилеринин тизмесине 90 объект киргизилген, алардын 57си - билим берүү объектилери (53 мектеп, 4 бала бакча).

2018-2019-жаңы окуу жылынын башталышына карата 27 мектеп жана 4 бала бакчанын курулушун аяктоо пландаштырылган, анын ичинде өзгөчө кырдаалдардан жабыркаган жана ыкчам тартиптеги тизмеге киргизилген объектилер бар.

Мындан тышкары 2018-жылдын долбоорлоо тизмесине 56 билим берүү объектиси кирген, алардын ичинде 44 мектеп жана алардын спорт залдары, 12 бала бакча бар.

Жалпысынан 2018-жылы 150 социалдык объектини аяктоо пландалууда, анын ичинде:

1) жалпы суммасы 4 млрд 438 млн сомдук 104 объекттин капиталдык курулушу; 2) жалпы суммасы 2 млрд 74 млн сомдук 31 объекттин капиталдык ремонту; 3) жалпы суммасы 349 млн сомдук 15 суу менен камсыздоо объектиси каралган.

Жылдын соңуна дейре төмөнкүлөрдү жыйынтыктоо пландаштырылууда: - 1-сентябрга карата 31 объектти бүткөрүү; - 1-октябрга карата 41 объектти ишке берүү; - 1-ноябрга карата 26 объектти; - 1-декабрга карата 33 объектти; - 31-декабрга карата 19 объектти ишке берүү мерчемделген.

Белгилей кетсек, 2017-жылы 99 объектинин курулушу жана капиталдык оңдоо иштери жыйынтыкталган, анын ичинде 59 билим берүү объектиси бар.

[su_carousel source="media: 121706,121707,121708,121709,121710,121711,121712,121713,121714,121715" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 117429,117428,117427,117426"][/su_carousel]

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү