04

Февраль

2020

Жыл ичинде 88 жаңы ишкана ачылып, 895 жаңы жумуш орундары түзүлдү

Баткен областынын  2019-жыл ичиндеги социалдык-экономикалык өнүгүүсүн   жыйынтыктаган облусттук коллегия болуп өттү. Анда өткөн жыл ичинде аткарылган иштер жана 2020-жылга пландар талкууланды. 

-Облуста 2019-жыл ичинде өнөр жай тармактын өндүрүү көлөмү 2970,5 млн сомго өндүрүлүп, физикалык көлөмү 111,3% га аткарылды;

-Айыл чарба продукцияларын өндүрүү көлөмү 15774,3 млн сомго жетип өсүү темпи 104,0% аткарылды;

-Ошону менен бирге республикалык бюджеттин капиталдык салымдар беренеси аркылуу 2019-жылы 60 объектиге жалпы суммасы 358,8 млн.сом каржыланган. Жыл ичинде облус боюнча 18 объект бүткөрүлүп пайдаланууга берилди, 

-Инвестиция тартуунун көлөмү 4400,2 млн.сомду түздү;

-27 км жол 145,0 млн.сом республикалык бюджеттен асфальттанды;

-19 км жол жол 27,7 млн.сом жергиликтүү бюджеттен асфальттанды;

-Салык топтоонун мамлекеттик бюджеттин планы 103.0% же 33,8 млн.сомго көп топтолду;

-Жыл ичинде 88 жаңы ишкана ачылып 895 жаңы жумушчу орундар түзүлдү.

-Облус аймагында 6% кредит 21 долбоорго жалпы суммасы 74, млн.сом берилди; 

- “РСК Банк” жана Айыл Банктары тарабынан  10% кредиттер жалпы 547 ишкерге 193,4 млн сом берилди.

-Кыргыз-орус өнүктүрүү фондунан 23 ишкерге 55,0 млн сом берилген.

-Лизингге 12 ишкерге 19,8 млн сомдук  техника берилди. 

-Мектептерди интернеттештирүү багытында жалпы мектептердин саны – 234 болсо,141 мектеп бүгүнкү күндө интернет тармагына толугу менен камсыз болгон;

-Баткен областы боюнча айылдарды интернеттештирүү боюнча облус боюнча жалпы 202 айылдын ичинен 181 айыл интернет байланышы менен камсыз болду. 

-Айыл өкмөттөрдү интернеттештирүү боюнча жалпы облус боюнча 31 айыл өкмөттөрдүн баары камсыз болду;

-123 медициналык мекеменин баары интернет тармагына кошулду.

Ал эми облуста 8 ирригациялык ири долбоорлор ишке ашууда. Бул долбоорлордун курулушу толук аяктаса, 3000гектардан ашык жер өздөштүрүлөт. Бул үчүн мамлекет тарабынан 28млрд сом каралган.

Коллегиянын жыйынтыгы менен ыйгарым укуктуу өкүл Акрам Мадумаров тийиштүү жетекчилерге бир катар тапшырмаларды койду. Алар;

-   Жергиликтүү бюджетти эффективдүү пайдалануу

- Жазгы талаа жумуштарынын жүрүшүндө көчөттөр менен үрөндөрдүн сапатына көңүл буруу

-Баткен районунун Ак-Сай айыл аймагындагы Бакай участкасынын сугат суу көйгөйүн чечүү,

-Кызыл-Кыя -Караван унаа жолун бүткөрүү,

-Чек ара аймактарында чыр чатактардын алдын алуу, түшүндүрүү иштерин жүргүзүү,

-Шаарлардын тазалыгын сактоо, бул багытка жылдагыдан көп каражат ажыратуу  менен иштин натыйжасын,  арттыруу,

-Айыл өкмөттөрдү дотациядан чыгаруу аракеттерине өзгөчө маани берүү,

-Кен казуу тармагындагы коопсуздукту сактоо,

-Мамлекеттик жана коомдук ишмер Исхак Раззаковдун 110 жылдыгына кошо,

-Мамлекеттик жана коомдук ишмер Мурат Салиховдун 115 жылдыгын,

-Советтер Союзунун Баатыры, Улуу Ата Мекендик  согуштун катышуучусу Самат Садыковдун 100 жылдыгын,

-Облустун биринчи жетекчиси Мамат Айбалаевдин 80 жылдыгын,

-Кыргыз эл артисти Апаз Жайнаковдун 60 жылдыгын өткөрүүнү сунуштады. 

Коллегия соңунда жылдын жыйынтыгы менен кесиптик милдеттерин ак ниет менен аткарган, облустун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө салым кошкон инсандар сыйланды.