02

Март

2020

«Жылдын мыкты журналисти – 2020» сынагы жарыяланды

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эмилбек Алымкуловдун 2020-жылдын 2-мартындагы №37б буйругу менен Нарын облусунун аймагындагы жалпыга маалымдоо каражаттарында иштеп жаткан журналисттердин жана өз кабарчылардын арасында сынак жарыяланды.

Сынактын максаты Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан жарыяланган “Региондорду өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо” жылына карата Нарын облусунда жүзөгө ашкан натыйжалуу аракеттердин массалык жалпыга маалымдоо каражаттарында кенири чагылдырылышын камсыздоо менен бирге журналисттерге, өз кабарчыларга жана алар иштеп жаткан эмгек жамааттарына дем берүү, чыгармачылык шык, таланттарынын артылышына өбөлгө түзүү болуп саналат.

Сынактын жыйынтыгы 7-ноябрь Басма сөз жана маалымат күнүнө карата чыгарылат.