05

Январь

2021

Жыргалбек Шакиев Жалал-Абад облусунун Аксы районунун акими болуп дайындалды

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 89-беренесинин 7-пунктуна ылайык, Шакиев Жыргалбек Тургунбекович Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Аксы районунун мамлекеттик администрация башчысы - акими болуп дайындалды.

Тиешелүү буйрукка Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министр Артём Новиков кол койду.