Аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын ишин баалоо

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

Бишкек шаары, 2016-жылдын 17-июну № 329

Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын, Бишкек, Ош шаарларынын мэрияларынын жана алардын жетекчилеринин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин баалоо жөнүндө

(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 15-ноябрындагы № 589, 2020-жылдын 27-июлундагы № 397 токтомдорунун редакцияларына ылайык)

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Программаларын ишке ашыруу үчүн Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрияларынын иштерин бирдиктүү баалоону жүргүзүү, ошондой эле алардын жетекчилеринин жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн жоопкерчиликтерин жогорулатуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Төмөнкүлөр бекитилсин:

- Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрияларынын жана алардын жетекчилеринин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн ишин баалоо методикасы (мындан ары - Методика) 1-тиркемеге, ылайык;

- Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрияларынын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишине "Калктын ишеним индекси" жөнүндө жобо, 2-тиркемеге ылайык;

- Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрияларынын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишине калктын ишеним деңгээлин өлчөө максатында сурамжылоо жүргүзүү үчүн типтүү анкета, 3-тиркемеге ылайык.

(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 27-июлундагы № 397 токтомунун редакциясына ылайык)

2. Аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрияларынын жетекчилери (макулдашуу боюнча), Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү отчеттук жарым жылдыктан кийинки айдын 25ине чейин, Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги тарабынан бекитилген баалоонун жыйынтыктары жөнүндө отчеттуулуктун бир түргө келтирилген толтурулган формаларын Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигине беришсин.

3. Отчеттук мезгил үчүн ишин баалоонун индикаторлоруна жетишүүнүн иш жүзүндөгү маанилери жөнүндө маалыматтарды даярдоо үчүн жооптуу Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары, Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары (макулдашуу боюнча) Методикага ылайык отчеттук жарым жылдыктан кийинки айдын 25ине чейинки мөөнөттө маалыматты Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигине жиберишери белгиленсин.

4. Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги:

- Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрияларынын жана алардын жетекчилеринин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн ишин баалоо боюнча отчеттук материалдарды жалпыласын;

- отчеттук жарым жылдыктан кийинки экинчи айдын 20сына чейин жана отчеттук жылдан кийинки экинчи айдын 20на чейин Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрияларынын жана алардын жетекчилеринин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн ишин баалоо жөнүндө жыйынды отчетту Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына берсин; 

- Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарына, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрияларына, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө Методиканы иш жүзүндө колдонууда методикалык жардам көрсөтсүн;

- Методиканы иш жүзүндө колдонуу боюнча нускамалык материалдарды жана отчеттун формаларын бекитсин.

5. Кыргыз Республикасынын Улуттук статистикалык комитетине отчеттук жарым жылдыктарды кошо алганда, кезектеги жылга Статистикалык иштердин планында Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрияларынын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн ишине калктын ишеним деңгээлин өлчөөнү кароо сунушталсын.

6. Кыргыз Республикасынын Стратегиялык изилдөөлөр улуттук институту:

- "Калктын ишеним индексин" эсептөө боюнча маалыматтарга жүргүзүлгөн талдоонун негизинде, отчеттук жарым жылдыктан кийинки айдын 25ине чейинки мөөнөттө жыйынтыктар, проблемалар, тенденциялар жана мамлекеттик органдар үчүн сунуштамалар камтылган аналитикалык катты Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигине берери;

- "Калктын ишеним индексин" аныктоо методикасын өркүндөтүүнү камсыздары, аны методикалык жана илимий жактан коштоону ишке ашырары белгиленсин.

7. Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрияларынын жана алардын жетекчилеринин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн ишине калктын ишениминин деңгээлин өлчөө боюнча сурамжылоону жүргүзүү менен байланышкан иш-чараларды каржылоо тийиштүү жылга карата республикалык бюджет жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамында каралган чекте жүргүзүлсүн. 

8. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 9-апрелиндеги № 181 "Эң мыкты айыл өкмөтү" наамына жалпы мамлекеттик сынак өткөрүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

- преамбуласы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишине түрткү берүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 17-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:".

9. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:

1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдору:

- 2012-жылдын 17-февралындагы № 105 "Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын жана Бишкек жана Ош шаарларынын мэрияларынын ишинин натыйжалуулугун баалоо жөнүндө";

- "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 17-февралындагы № 105 "Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишинин натыйжалуулугун баалоо жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" 2012-жылдын 18-июлундагы № 507;

- "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 17-февралындагы № 105 "Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишинин натыйжалуулугун баалоо тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" 2012-жылдын 12-октябрындагы № 712;

- "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 17-февралындагы № 105 "Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишинин натыйжалуулугун баалоо жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" 2013-жылдын 25-мартындагы № 147;

- "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 17-февралындагы № 105 "Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишинин натыйжалуулугун баалоо жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" 2013-жылдын 9-апрелиндеги № 180;

- "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 17-февралындагы № 105 "Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишинин натыйжалуулугун баалоо жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" 2013-жылдын 2-октябрындагы № 542;

- "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 17-февралындагы № 105 "Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишинин натыйжалуулугун баалоо жөнүндө" токтомуна толуктоо жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" 2014-жылдын 18-апрелиндеги № 223;

- "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 17-февралындагы № 105 "Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишинин натыйжалуулугун баалоо жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" 2014-жылдын 28-ноябрындагы № 680;

- "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 17-февралындагы № 105 "Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишинин натыйжалуулугун баалоо жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" 2015-жылдын 14-сентябрындагы № 633;

- 2015-жылдын 29-январындагы № 30 "Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын жетекчилеринин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын башчыларынын - райондордун акимдеринин ишин баалоо жөнүндө";

2) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 24-февралындагы № 81 "Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын ишин комплекстүү баалоонун негиздери жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомунун 2-пункту;

3) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 27-майындагы № 328 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомунун 2-пункту.

10. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын тийиштүү түзүмдүк бөлүмүнө жүктөлсүн.

11. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.


Кыргыз Республикасынын Премьер-министри


С.Жээнбеков




3-тиркеме

Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрияларынын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишине калктын ишеним деңгээлин өлчөө максатында сурамжылоо жүргүзүү үчүн
 ТИПТҮҮ АНКЕТА

(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 27-июлундагы № 397 токтомунун редакциясына ылайык)

Купуялуулук кепилденет

"Калктын ишеним индекси"

СОАТЕ КОДУ

4

1

7













АНКЕТАНЫН НОМЕРИ 


ИНТЕРВЬЮ АЛУУЧУ

АТА-ЖӨНҮ

КОД

СУРАМЖЫЛОО ЖҮРГҮЗҮЛГӨН ЖЕР

1. РАЙОН 

2. АЙЫЛ АЙМАГЫ

3. ШААР/АЙЫЛ

4. ДАРЕГИ

5. РЕСПОНДЕНТТИН АТЫ-ЖӨНҮ 

ИНТЕРВЬЮНУН ДАТАСЫ

КҮНҮ/АЙЫ/ЖЫЛЫ/ 



















Саламатсызбы!

Менин атым ________________________________________________.

Мен (сурамжылоо жүргүзүп жаткан уюмдун аталышы) иштейм. Биз өлкө жашоочуларына социологиялык сурамжылоо жүргүзүп жатабыз. Аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын иш аракети тууралуу сиздин пикириңиз бизди кызыктырат. Бир нече суроого жооп берүүңүздү суранам. Бул болжол менен Сиздин 40 мүнөт убактыңызды алат. Сиздин жоопторуңуз купуялуулук негизде жана жалпыланган түрдө гана колдонуларына толук ишенсеңиз болот. Эгерде Сизде кандайдыр бир суроо же сын-пикир пайда болсо, аларды Сиз мага билдирсеңиз же телефонго чалып айтсаңыз болот: 

Бардык суроолорго жооптор интервью алуучу тарабынан сурамжылоо методу менен толтурулат.

2. Калктуу конуштун түрү

1. Чоң шаар

2. Чакан шаар

3. Шаар тибиндеги кыштак

4. Айыл

3. Респондент жашаган турак жайдын түрү

1. Көп кабаттуу типтүү турак үй

2. Көп кабаттуу элиталык турак үй

3. Эски жекече курулуштар

4. Элиталык жекече курулуштар

5. Барак тибиндеги /мейманкана тибиндеги турак жай

6. Убактылуу турак жай

7. Башка _____________________________________

4. Сиз Кыргыз Республикасынын жараны болуп саналасызбы?

1. Ооба

2. Жок 

→ ИНТЕРВЬЮ БҮТӨТ 

5. Курагы, жашы:

1. 18-28

2. 29-40

3. 41-52

4. 53-64

5. 65-75

6. Жынысы:

1. Аял

2. Эркек

7. Билими:

1. Негизги жалпы (8-9 класс)

2. Орто жалпы (10-11 класс)

3. Орто кесиптик

4. Бүтпөгөн жогорку (жождун 3-курсу)

5. Жогорку (дипломдун болушу)

6. Илимий даражасы

8. Ишинин түрү:

1. Мамлекеттик же бюджеттик мекемедеги кызматчы 

2. Жеке уюмдагы жалданма кызматкер 

3. Жеке ишкер/Фермер

4. Студент

5. Жумушсуз

6. Башкасы ___________________________________ 

9. Сураныч, төмөндө аталган мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына баа бериңиз.

Интервью алуучу, респондент тандаган жооптордун номерлерин бош ячейкаларга толтуруп, ар бир сап жана ар бир мамыча боюнча төмөндө көрсөтүлгөн жооптун БИР вариантын алыңыз.

Жооптун номери

Жооптордун варианттары

1-мамыча

2-мамыча

3-мамыча

1

Толук ишенем

Коррупция жок

Абдан жакшы

2

Чынында ишенем 

Төмөн

Көбүнчө жакшы

3

Чынында ишенбейм 

Жогору

Көбүнчө жаман 

4

Толук ишенбейм

Абдан жогору

Эң жаман 

99

Жооп берүү кыйын

Жооп берүү кыйын

Жооп берүү кыйын


Мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын тизмеси

1-мамыча

2-мамыча

3-мамыча

Сиз ушул органга канчалык деңгээлде ишенесиз?

Сиздин пикириңиз боюнча ушул органда коррупциянын деңгээли канчалык?

Ишинин (көрсөтүлүүчү кызматтарынын жана аткарылуучу функцияларынын) сапатын баалаңыз

1

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги (Кыргыз Республикасынын улуттук кызыкчылыктарын, Кыргыз Республикасынын жарандарынын жана юридикалык жактарынын укуктарын жана кызыкчылыктарын чет өлкөдө коргоо, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 10-февралындагы № 85 токтому менен бекитилген аткаруу бийлик органдары, алардын түзүмдүк бөлүмдөрү жана ведомстволук мекемелери көрсөткөн мамлекеттик кызматтардын бирдиктүү реестринде (тизмесинде) каралган мамлекеттик кызматтарды көрсөтүү)




2

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги (коомдук тартипти, жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо, кылмыштуулук менен күрөшүү, соттуулугу жөнүндө маалымкатты берүү)




3

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги (юридикалык жактарды, филиалдары (өкүлчүлүктөрү) жана жалпыга маалымдоо каражаттарын каттоо, кайра каттоо жана ишин токтотууну каттоо, кыймылдуу мүлккө карата талап кылуу укугунун бирдиктүү мамлекеттик реестринде кыймылдуу мүлккө карата милдеттенмелерди аткаруу боюнча (келишим боюнча) талап кылуу укугун каттоо, адвокаттардын жана нотариустардын ишин лицензиялоо, чет өлкөдө иштөө үчүн документтерди легалдаштыруу жана документтерге апостиль коюу жана мамлекет тарабынан кепилдеген юридикалык жардамды берүү боюнча кызматтарды көрсөтүү, пробациялык ишти жүзөгө ашыруу)




4

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги (мамлекеттик каражаттарды башкаруунун мамлекеттик саясатын түзүү, мамлекеттик башкаруу секторунун ички аудити, бухгалтердик эсепке алуу жана финансылык отчеттуулук чөйрөсүндө ченемдик укуктук жөнгө салууну өркүндөтүү, казналык системасы аркылуу мамлекеттик бюджетти аткарууну ишке ашыруу, социалдык милдеттенмелерди өз убагында аткаруу (айлык акыларды, жөлөкпулдарды, пенсияларды ж.б. каржылоо)




5

Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги (экономикалык өнүгүү, соода, ишкердикти өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү; инвестицияларды тартуу, тамак-аш продукциясынын, эл керектөөчү товарлардын, күйүүчү-майлоочу материалдардын, машина куруучу, электр техникалык продукциялардын шайкештигин сертификатташтыруу; стандартташтыруунун эрежелерин жана стандарттарын экспертизалоо)




6

Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги (айыл чарба өндүрүшүн (өсүмдүк өстүрүүчүлүктү, мал багууну, канаттууларды багууну, балык чарбасын) жана кайра иштетүү өнөр жайын өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүү; эгиндерди зыянкечтерге каршы тазалоо, үрөн жана көчөт материалдарын сертификатташтыруу, ветеринардык дары-дармек каражаттарын сертификатташтыруу, пестициддерди, химиялык каражаттарды каттоо)




7

Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлиги (жүргүнчүлөрдү жана жүктөрдү автомобилдик, темир жолдук жана авиа ташууларын камсыздоо; автомобиль жолдорун куруу жана сапатын жакшыртуу, жүргүнчүлөрдү жана жүктөрдү ташуу менен алектенген компанияларды лицензиялоо) 




8

Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (куткаруу иштери, табигый кырсыктардын, авариялардын, катастрофалардын кесепеттерин жоюу, өрт коопсуздугу жана жарандык коргонуу чөйрөсүндө окутуу, даярдоо жана кайра даярдоо)




9

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги (бала бакчалары, мектептер, кесиптик лицейлер, колледждер, университеттер жана билим берүүнүн башка уюмдары, билим берүү ишин лицензиялоо, сапаттуу билим берүү, билим берүү стандарттарын иштеп чыгуу жана бекитүү) 




10

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги (ооруканалар, эмканалар, диагностикалык борборлор, дарыканалар, ФАП, мамлекеттик эмес медицина мекемелерине лицензияларды берүү; сапаттуу медициналык тейлөөнү сунуштоо; медициналык тез жардам пункттары/станциялары жана бөлүмдөрү менен амбулатордук деңгээлдеги медициналык тез жардам, стационардагы жана амбулатордук медициналык жардам, медицина препараттарын жана техниканы даярдоо жана сатуу, медицина мекемелерин лицензиялоо) 




11

Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги (театрлар, филармониялар, цирк, кинотеатрлар, китепканалар, музейлер, журналдар, телекөрсөтүү, китеп басмаканалары, туризм, чыгармачыл жамааттардын, ийримдердин, студиялардын ишин уюштуруу, тарыхый-маданий мурас обьекттерин сактоо, маданият чөйрөсүндөгү билим берүү мекемелери)




12

Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги (жетимдерге, көп балалуу үй-бүлөлөргө, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга социалдык жөлөкпулдарды дайындоо жана төлөп берүү, көмүүгө жөлөкпулдар; жалгыз жашаган улгайган жарандарды жана ДМЧАга үйүндө социалдык тейлөө, калкты ишке орноштурууга көмөктөшүү, жумушсуздук боюнча жөлөкпул төлөө, жумушсуздарды каттоо)




13

Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитети (телефондук, мобилдик байланыш компанияларына жана интернет-провайдерлерге лицензияларды берүү; байланыш кызматынын сапатын көзөмөлдөө; байланыш жабдууларын жана кызматтарын сертификатташтыруу; байланыш рыногун өнүктүрүү)




14

Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитети (жер казынасын жана айлана-чөйрөнү коргоо, кен казуу өнөр жайын өнүктүрүү, топографиялык-геодезиялык, тартылган, картографиялык иштерге жана объекттерге жер казынасын пайдалануу боюнча материалдарды жана маалыматтарды берүү.

Электр энергетикалык компаниялар, ГЭС, ЖЭБ, өндүрүштүк ишканалар, энергетика жана өнөр жайды өнүктүрүү; отун-энергетика комплексинде лицензиялоо жана жөнгө салуу жана керектөөчүлөрдү энергетикалык ресурстар, өнөр жай товарлары жана кызмат көрсөтүүлөр менен ишенимдүү камсыздоо үчүн шарттарды түзүү)




15

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттиги (курчап турган чөйрөнү коргоо, экологияны жана токойлорду сактоо; өнөр жай таштандыларын, саркынды, сууларды жана жер ресурстарын булганууларын лабораториялык изилдөө, коргоого алынган жаратылыш аймактарына, коруктарга барууларды уюштуруу)




16

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттик (дене тарбия, спорт, спорттук-массалык иштерди уюштуруу, жаштар саясатын ишке ашыруу)




17

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги (мамлекеттик каражаттардын, гранттардын жана эл аралык долбоорлордун эсебинен каржыланган объекттердин курулушу;

- долбоордук-сметалык документтерди иштеп чыгуу, макулдашуу, экспертизалоо жана бекитүү;

- курулуш материалдарына, буюмдарга жана конструкцияларга сыноо жүргүзүү; Кыргыз Республикасынын аймагын өнүктүрүүнүн башкы пландарын, схемаларынын долбоорлорун иштеп чыгуу; 

- архитектуралык-шаар куруу иштерин лицензиялоо;

- курулуш тармагында адистерди квалификациялуу сертификатташтыруу;

- конструкциялардын техникалык абалы, реконструкциялоо жана көлөмдүк-пландоочу чечимдерди өзгөртүү мүмкүндүгү жөнүндө тийиштүү корутундуну берүү менен имараттарды жана курулуштарды изилдөө;

- курулуштун бардык түрлөрү үчүн жер участокторун тандоо боюнча ишке катышуу)




18

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттик (жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо, улуттар аралык ынтымакты чыңдоо)




19

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттик (кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо; топографиялык, картографиялык, кыртыштык иштерин жүргүзүү)




20

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Отун-энергетика комплексин жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттик (отун-энергетикалык комплексинин субъекттерин лицензиялоо аркылуу мамлекеттик жөнгө салууну жүзөгө ашыруу жана электр, жылуулук энергиясына жаратылыш газына тарифтерди белгилөө)




21

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги (товардык рыноктордо атаандаштыкты өнүктүрүүнү камсыздоо, табигый монополиялардын (ичүүчү суу) бааларын жөнгө салуу, акы төлөнүүчү мамлекеттик кызматтарга тарифтерди макулдашуу, товарларды (жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү) сатып алууда керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо, жарнамалык ишти контролдоо) 




22

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Суу ресурстары мамлекеттик агенттиги (мамлекеттик суу саясатын жүзөгө ашырууга багытталган ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгуу; бассейндик пландардын иштеп чыгууну уюштуруу жана алардын аткарылышына мониторинг жүргүзүүнү камсыз кылуу; улуттук суу секторунун климаттык терс таасирлерге, суу ресурстарын азаюудан жана булгануудан коргоонун туруктуулугун камсыз кылган адаптациялык чараларды иштеп чыгуу жана ишке ашыруу; өлкөнүн аймагында жаралган суу ресурстарын мамлекеттер аралык бөлүштүрүүнү пландаштыруу жана уюштуруу; суу ресурстарын абалына жана пайдалануусуна мониторинг жүргүзүү; түзүлгөн контракттар жана келишимдер боюнча суунун берилишин камсыз кылуу; гидротехникалык, курулуш жана реабилитациялык жумуштарды аткаруу)




23

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик миграция кызматы (чет өлкөдө ишке орношууга көмөк көрсөтүү, эмгек мигранттары менен иштөө)




24

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик соттук-эксперттик кызмат (белгиленген тартипте соттук-эксперттик ишти жүзөгө ашыруу; белгиленген тартипте соттук эксперттердин компетенттүүлүк сертификаттарын берүү; Кыргыз Республикасынын соттук эксперттеринин мамлекеттик реестрин жүргүзүү; соттук-экспертиза жаатындагы илимий изилдөө иштерин жүргүзүү, соттук-эксперттик иштер жаатында ченемдик укуктук актыларды колдонуу практикасына талдоо жүргүзүү жана жалпылоо; Соттук-эксперттик изилдөөлөрдүн методикаларынын мамлекеттик реестрин жүргүзүү)




25

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы (түзөтүү абактары, тарбиялоо абактары, жатак-абактары, түрмөлөр, тергөө изоляторлору; соттолгондорду жана жазык-укуктук таасир этүүнүн мажбурлоо чаралары колдонулган башка адамдарды түзөтүү жана кайра социалдаштыруу үчүн шарттарды түзүү; жазаларды жана жазык-укуктук таасир этүүнүн мажбурлоо чараларын аткарууда адам укуктарын коргоо; инсандын, коомдун жана мамлекеттин коопсуздугун коргоо, соттолгондордун жана башка адамдардын кылмыштарды жана жоруктарды жасоосун алдын алуу; жолугушуу бөлмөлөрүн берүү, бошотулгандыгы тууралуу маалымкаттарды берүү)




26

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматы (салыктарды жана төлөмдөрдү чогултуу; юридикалык жана жеке жактарды салыктык текшерүү, сапаттуу салык кызматтарын көрсөтүү, жеке жактарды жеке ишкерлер катары каттоо)




27

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы (товарларды жана транспорт каражаттарын бажы чек арасы аркылуу өткөрүү менен байланышкан мамилелерди жөнгө салуу, ошондой эле бажы укук бузууларын алдын алуу жана бөгөт коюу) 




28

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык рынокту жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматы (финансы-бюджеттик чөйрөнү контролдоо жана көзөмөлдөө; инвестициялык, фондулук биржалар, баалуу кагаздар рыногу; камсыздандыруу компаниялары, аудитордук компаниялар, мамлекеттик эмес пенсиялык фонддор)




29

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы (архив иши, мамлекеттик маанидеги жекелештирилген документтерди, ошондой эле адамдын ким экендигин ырастоочу документтерди даярдоо, каттоо, эсепке алуу, берүү, коргоо, сактоо жана жок кылуу, жарандык абалдын актыларын жазууларды (ЖААЖ) каттоо, Кыргыз Республикасынын жарандарын, чет өлкөлүк жарандарды жана жарандыгы жок адамдарды каттоо жана эсепке алуу, Кыргыз Республикасынын жарандыгына кабыл алуу жана андан чыгуу маселелери боюнча документтерди тариздөө, автомототранспорт каражаттарын, алардын чиркегичтерин, атайын технологиялык машиналарды жана айдоочулук курамды каттоо жана кайра каттоо жаатында мамлекеттик саясатты ишке ашыруу)




30

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызмат (экономика жана финансы чөйрөсүндө экономикалык кылмыштардын, кызматтык кылмыштардын алдын алуу, аларды ачуу жана иликтөө; экономикалык кылмыштарды жасоого көмөк көрсөтүүчү шарттарды жана себептерди аныктоо жана жокко чыгаруу)




31

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматы (салттуу билимдерди берүү жана интеллектуалдык менчиктин объекттеринин укуктук корголушун камсыздоо, адабият, искусство, илим жаатында чыгармачылыкты өнүктүрүүгө жана келечектүү илимий-техникалык иштеп чыгууларды илгерилетүүгө жана интеллектуалдык менчик объекттерин коммерциялаштырууга көмөк көрсөтүү, ошондой эле патенттик-техникалык маалыматтын улуттук системасын жана инновациялык ишти өнүктүрүү)




32

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фонду (мамлекеттин стратегиялык запасын жана мобилизациялык муктаждыктарын камсыздоо үчүн материалдык баалуулуктарды сатып алуу, сактоо жана пайдалануу)




33

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду (медициналык камсыздандыруу, мамлекет тарабынан көрсөтүлүүчү профилактикалык, медициналык жана фармацевттик кызматтарга карата бирдей жеткиликтүүлүктү камсыздоо; милдеттүү медициналык камсыздандыруу полистерди тариздөө жана берүү, медициналык жардам көрсөтүүнүн сапатын контролдоону камсыз кылуу: 

ооруканаларда, эмканаларда, дарыканаларда, ФАП, медициналык тез жардам пункттары/станциялары жана бөлүмдөрү менен амбулатордук деңгээлдеги медициналык тез жардам, стационардагы жана амбулатордук медициналык жардам)




34

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд (мамлекеттик мүлктү башкаруу жана менчиктештирүү; мамлекеттин менчигинде турган ишканалар, кыймылдуу жана кыймылсыз мүлк) 




35

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция (ветеринардык, фитосанитардык контролдоо, көзөмөл жана тамак-аш продуктуларынын, өсүмдүктөрдөн алынуучу жана мал чарбасынын продуктуларынын коопсуздугун камсыздоо, химикаттарды жана биологиялык каражаттарды пайдаланууну көзөмөлдөө, малдардын жугуштуу ылаңдарынын таркалышынын алдын-алуу боюнча чараларды көрүү, КР мамлекеттик чек арасы аркылуу өткөрүү пункттарда малдын ылаңдарын жана өсүмдүктөрдүн зыяндуу организмдерин алып кирүүнүн, алып чыгуунун жана таркалуусунун алдын алуу)




36

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция (продукцияга, өндүрүшкө, курулушка, пайдаланууга, сактоого, ташууга, колдонууга, сатууга, көмүүгө, жайгаштырууга жана утилдештирүүгө карата коопсуздуктун бардык түрлөрүнүн сакталышын контролдоо; жарандардын эмгек укуктарынын, эмгекти коргоо талаптарынын сакталышын камсыздоону көзөмөлдөө)




37

Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду (пенсияларды, пенсионердин өлүмүнө байланыштуу көмүүгө жөлөкпулдарды дайындоо жана төлөп берүү, камсыздандырылган адамдарды социалдык мамлекеттик камсыздандыруу, иш берүүчүлөрдөн жана жумушчулардын жана башка жарандардын ден соолугуна зыян келтирүүгө күнөөлүүлөрдөн иш ордунда алган жаракаттан улам майыптуулук, кесиптик ооруга жана багуучусун жоготууда мамлекеттик пенсиялардын суммаларын төлөтүп алуу) 




38

Кыргыз Республикасынын Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо боюнча агенттиги (Кыргыз Республикасынын инвестициялык мүмкүнчүлүктөрү, экспорттоочулар жана өндүрүлгөн продукциялар жөнүндө маалыматтарды потенциалдуу инвесторлордун, чет өлкөлүк импорттоочулардын жана башка кызыкдар тараптардын арасында жайылтуу; чет өлкөлүк инвесторлорду издөөдө жана чет өлкөлүк инвесторлор менен келишимдерди түзүүдө ата мекендик ишканаларга көмөк көрсөтүү, чет өлкөлүк инвесторлордун инвестициялык сунуштарына экспертиза жүргүзүү; инвестициялык жана экспорттук саясат артыкчылыктарына жараша инвесторлорду жана чет өлкөлүк импорттоочуларды максаттуу издөөнү жүргүзөт; артыкчылыктуу инвестициялык долбоорлорду ишке ашырган инвесторлор менен өз ара аракеттенүү) 




39

Кыргыз Республикасынын Жогорку аттестациялык комиссиясы (илимий жана илимий-педагогикалык кадрларды аттестациялоо, илимий наамдарды жана стипендияларды ыйгаруу; изденүүчүлөрдүн диссертацияларын экспертизалоо, диссертациялардын илимий жыйынтыктарын жарыялоо)




40

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн аппараттары:

- Баткен облусу;

- Жалал-Абад облусу;

- Ысык-Көл облусу; 

- Нарын облусу;

- Ош облусу;

- Талас облусу;

- Чүй облусу

(облусту өнүктүрүү программасын иштеп чыгуу жана ишке ашыруу; жакырчылык менен жумушсуздуктун деңгээлин азайтуу; облустук деңгээлде башкаруу органдарын координациялоо; региондордун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн макроэкономикалык көрсөткүчтөрү (ИДПнын өсүшү, товар жүгүртүү көлөмү, өнөр жай продукциясынын көлөмү, экспорт менен импорттун көлөмү, калкка чекене жана акы төлөнүүчү кызмат көрсөтүүлөр, инвестиция тартуу, салыктык түшүүлөрдү, камсыздандыруу төгүмдөрүн чогултуу ж.б., өсүмдүк өстүрүүдө, мал чарбасында, багбанчылыкта жаңы технологияларды киргизүү, ХАСПП менен ЕАЭБдин стандарттарына шайкеш келген логистикалык борборлорду жана мал союучу жайларды куруу




41

Жергиликтүү мамлекеттик администрация (районду социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн программасын иштеп чыгуу жана ишке ашыруу; гранттарды жана инвестицияларды тартуу; жумушсуздук жана жакырчылык деңгээлин төмөндөтүү; жарандардын укуктарынын сакталышын контролдоо; башкаруу органдарын райондун деңгээлинде координациялоо)




42

Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы:

- Бишкек шаарынын мэриясы;

- Ош шаарынын мэриясы

(муниципалдык менчикти жана жергиликтүү коомчулуктун финансыларын башкаруу; калктуу конушту көрктөндүрүү, жашылдандыруу жана өнүктүрүү, коммуналдык маселелерди чечүү, жол инфраструктурасын жакшыртуу)




43

Облустук, райондук маанидеги шаарлардын жана айыл аймактарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (муниципалдык менчикти жана жергиликтүү коомчулуктун финансыларын башкаруу; калктуу конушту көрктөндүрүү, жашылдандыруу жана өнүктүрүү, коммуналдык маселелерди чечүү, жол инфраструктурасын жакшыртуу, элдик көркөм кол өнөрчүлүктү өнүктүрүү үчүн шарт түзүү, бош убакыт өткөрүүнү уюштуруу, дене тарбия жана массалык спорт менен машыгуу, балдар жана жаштар менен иштөө боюнча иш-чараларды уюштуруу, жергиликтүү маанидеги башка маселелерди чечүү)